Лебединовканын төмөн жагында жергиликтүү жашоочулар ылай суудан нан таап жешет десе, кантип эле деп таң калышыңыз толук мүмкүн. Бирок бул сөздүн түз маанисинде эле ушундай. Бишкек жылуулук борборунан, башкача айтканда ТЭЦтен чыккан күйбөй калган көмүр калдыктары темир түтүктөр аркылуу атайын казылган чуңкурга төгүлөт. Мына ушул жерден калдык көмүрлөрдү чогултуп сатып, үй-бүлө баккандар жүздөп саналат, атүгүл ”кара алтындан” түшкөн кирешеге машине сатып алгандар да жок эмес.
Ылай суудан “кара алтынга” тунгандар

21

22
Анткен менен ушул жерде күндүр-түндүр иштеп жатып, машине алгандар да жок эмес. Тынбай иштегендер күнүнө 500 сомдон 4 миң сомго чейин акча табышат.

23

24