Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Эдуардс Стипрайс Бишкекке иш сапары менен келип кетти. Кыргызстанга алгачкы сапар менен келген Стипрайс 14-16-май күндөрү президент Жапаров баштаган жетекчилер, депутаттар, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугуп, “Азаттыкка” маек курду.
Борбор Азия
Журналист Канышай Мамыркулова абакта калды. Сот анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 4-июнга чейин узартты. Кыргызстанда кармалган орусиялык активист мекенинде "террорчулук" үчүн соттолду. Орусия 20 миңдей өзбек, тажик, кыргыз жаштарын "тутуп алып", согушка айдаганы расмий айтылды.