Бишкек-Торугарт унаажолунун Эки Оттук (40 боз үй) аймагында 20га жакын үй- бүлө жол жээгинде кымыз сатышат. Булардын айрымдары гана кымыз саткан жерине бээ байласа, көбүнчөсү алып-сатарлар. Алар жайлоодогу малчылардан сатып келишет.
Нарында кымыз сезону башталды

1
Саматтын жылкы байлап, кымыз сата баштаганына төрт күн болду.

2
Кымыз алганы келген кардарга бир чыныга бекер куюп берет, ал бекер куйган кымызы бир күндө үч-төрт литрге чейин чыгат.

3
Бээ ар бир эки саат сайын саалат. Бир сааганда бир жылкыдан бир литрден ашык сүт чыгат.

4
Бээ тууп, бир ай өткөндөн кийин саала баштайт. Күзүндө кулуну кенен сүт ээмп, чоңоюшу үчүн жайлоого агытылат.

5
Кымыз жыл сайын май айынан баштап сентябрь айына чейин сатылат.

6
Азыркы кымыз уус кымыз болгондуктан сатып алган эл көп болот.

7

8

9

10
Бир күндө соода жакшы болсо 50 литрге чейин, андан аз болгондо 5-10 литр кымыз сатылат.

11
1 күндө 50 литрге чукул сүт саалып сабада бышылат.

12

13

14

15
Азыр жаңы чыгып жатканына байланыштуу 100 сомдон сатып, жай мезгилинин ортосунда 50 сомго чейин түшөт.