Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:58
Киев. 2025-жылдын 24-майы.
Киев. 2025-жылдын 24-майы.

Түз ободо Туткун айырбаштоо маалында Орусия Киевге ракета, дрон менен жапырт сокку урду

Украинада согуш башталганына үч жыл толду.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага "аскердик операция" деген жүйө менен ар тараптан басып кирген.

30-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен Украинанын Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва дайындаган жетекчилери “Орусия Федерациясынын курамына кирүү” жөнүндө келишимге кол коюшкан.

23-27-сентябрда орус күчтөрү басып алган аталган аймактарда жасалма референдум өтүп, анын жыйынтыгы 28-сентябрда жарыяланган.

16:47 12.5.2025

Украинага жүздөй учкучсуз учак чабуул койду

Дүйшөмбүгө тараган түнү Украинага 108 орусиялык учкучсуз учак чабуул койду. Украинанын куралдуу күчтөрү 55 дронду атып түшүргөнүн, дагы 30у бутага тийбей калганын билдирди. Жыйынтыгында Одесса, Николаев, Донецк, Житомир облусу жабыр тарткан.

Донецк облусунда жүк ташыган поездге сокку урулган. "Украин темир жолу" билдиргендей машинист бутунан жараат алган. "Элдешүүнү улантууга тоготпостук менен карашууда, душмандын темир жолдун инфратүзүмүнө чабуулдары уланууда" - деп билдиришти уюмдан.



01:03 12.5.2025

Украина Орусия менен түз сүйлөшүүгө даярдыгын, адегенде ок атышуу токтошу керектигин билдирди

Украинанын президентии Владимир Зеленский Киев атышууну токтотууну талкуулоо үчүн Орусия менен сүйлөшүү жүргүзүүгө "даяр" экенин билдирип, орус президенти Владимир Путиндин түз сүйлөшүүгө чакыруусун согушту токтотуу үчүн "жакшы белги" деп атады. Ал тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн адегенде ок атуу токтошу керек экенин белгиледи.

11-майда Зеленский X социалдык түйүнүнө "Орусиялыктар акыры согушту токтотуу тууралуу ойлоно баштаганы жакшы белги. Дүйнөнүн баары муну көптөн бери күтүп жаткан. Кайсы гана согуш болбосун, аны чынында эле токтотуу аракетиндеги биринчи кадам ок чыгарбоо болушу зарыл. Адамдарды өлтүрүү бир дагы күн уланбашы керек. Орусия 12-майдан тартып аткылоосун толук, узакка жана ишенимдүү түрдө токтотушун күтөбүз, Украина жолугушууга даяр" деп жазды.

11-майга караган түнү Путин Украинадагы согушта 30 күндүк тыныгуу жарыялоо тууралуу сунушка макул болбой, анын ордуна Киев менен түз сүйлөшүү өткөрүүнү, мындай жолугушууну, балким, 15-майда Стамбулда өткөрсө болорун сунуш кылды.


14:57 11.5.2025

11-майдын таңында Орусия Украинанын Киев облусун бутага алып, согуштук дрондор менен аткылаганын облустук аскердик администрация кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, абадан коргонуу системасы иштеп, айрым учкучсуз учактар атып түшүрүлдү.

Жарандык инфраструктурага зыян тийбегенин белгилеген администрация Бровары районунда 71 жаштагы жергиликтүү тургун жараат алганын, ал нес абалда ооруканага жеткирилгенин, Обухов районунда беш жеке үй зыян тартканын кабарлады.

13:06 11.5.2025

Германия Украинага аскердик жардамы тууралуу маалымат берүүнү токтотот

Бул тууралуу Германиянын канцлери Фридрих Мерц Киевге сапары учурунда билдирди. Ага чейин ишенимдүү булактар Рейтер агенттигине Украинага берилген аскердик жардам тууралуу ачык маалыматтар "стратегиялык белгисиздикке" жетүү жана Орусияга стратегиялык артыкчылык бербеш үчүн жарыяланбай турганын билдиришкен.


Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG