Украинанын Сумы облусунда жүргүнчү ташыган кичи автобуска жасаган Орусиянын чабуулунан тогуз киши мерт болду, дагы жети адам жаракат алды, алардын үчөөнүн абалы оор. Бул тууралуу 17-майда облустук администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.
“Тилекке каршы, автобуска жасалган уятсыз орусиялык чабуулдан жайкын тургундар мерт болду”,-деди Григоров.
Чабуул болгон жерде куткаруу иштери жүрүп жатат.
Орусия буга байланыштуу комментарий бере элек.
Мунун алдында чабуул Орусиянын чек арасынан 10 чакырым алыстыкта турган Белополье шаарында болгону тууралуу маалыматтар айтылган.
Орус армиясы Сумыдагы чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарды 10-майда дагы ошол маалда жарыяланган үч күндүк тыныгууга карабай бутага алган жана жалпысынан 271 жолу сокку урганы, натыйжада бир киши каза болуп, дагы үчөө жараат алганы маалымдалган.
16-майда Стамбулда Орусия менен Украинанын 2022-жылдан берки алгачкы бетме-бет сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы өттү. Маалымат каражаттары украиналык жана түркиялык дипломатиялык булактарга шилтеме кылып, сүйлөшүү дээрлик эки саатка жакын созулганын жазышты.
Жолугушуудан кийин эки тарап жарыялаган маалыматка караганда, Орусия менен Украина согуш туткундарын алмашууну макулдашты.
"Биз ок атышууну токтотуу тууралуу сүйлөштүк. Эки тараптан тең 1000ден туткунду алмашуу маселеси да чечилди. Бул жолугушуунун жыйынтыгы ушундай", - деди украин коргоо министри Рустем Умеров.
Умеров ошондой эле украин жана орус лидерлеринин жолугушуусу тууралуу сөз болгонун жана сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасы жөнүндө жакынкы күндөрү жарыяланарын айтты.
Бул маалыматты Орусиянын делегациясын жетектеген Владимир Мединский да ырастады. Анын айтымында, эки тарап тең ок атышууну толугу менен токтотууну кантип ишке ашыруу тууралуу өз сунушун бериши керек.
Стамбулда 16-майда Орусия менен Украинанын 2022-жылдан берки алгачкы тынчтык сүйлөшүүсүнүн биринчи раунду өттү. Кабар агенттиктери украиналык жана түркиялык дипломатиялык булактарга шилтеме жасап, сүйлөшүү эки саатка жетпей аяктаганын жазышты.
Маалыматтарга карагандай, тараптар согуш туткундарын айырбаштоо тууралуу макулашып, ок атууну токтотуу багытында эч кандай алга жылуу байкалган жок. Орус тараптан ага технократтардан турган топ катышса, украин президенти коргоо министри Рустем Умеровдун жетекчилигиндеги делегацияны жөнөткөн.
Украинанын коргоо министри Рустем Умеров Орусия менен сүйлөшүүлөрдө ок атууну токтотуу талкууланганын жана согуш туткундарын алмашуу маселелери талкууланганын билдирди. Министрдин айтымында, тараптар бир миңден туткунун айырбаштоону макулдашты.
Орус делегациясын баштап барган Путиндин жардамчысы Владимир Мединский алдынкы күндөрдө туткундарды алмашуу ишке ашырыларын билдирди.
Стамбулдагы кездешүү 90 мүнөттөн кийин аяктаганын түрк расмий адамдарына шилтеме менен агенттиктер жазышты.
15-майда АКШ президенти Дональд Трамп эгер Стамбулдагы Украина боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүндө жылыш боло турган болсо Түркияга барышы мүмкүндүгүн билдирди. Бул тууралуу ал Катарда өтүп жаткан жолугушууда айтты.
АКШ лидери Орусия менен Украина согушту токтотуу үчүн "аракет жумшайт" деген үмүттө экенин билдирди.
"Биз согуш токтошун каалайбыз. Менимче, аны токтотууга мүмкүнчүлүгүбүз бар", - деп айтты Трамп.
Бир күн мурун Кремл Стамбулдагы орус-украин сүйлөшүүсүнө барчу делегациянын курамын жарыялаган. Орусия тараптан топту президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский жетектейт.
Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский Стамбулда Путин менен гана көзмө-көз сүйлөшөрүн, болбосо жолугушуудан баш тартарын айтып келген. Көп өтпөй ал мындай позициясын жумшартканы белгилүү болгон. Азырынча украин тараптан сүйлөшүүгө кимдер катышары белгисиз.
Мунун алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Стамбулдагы Украина менен Орусиянын согушту токтотуу тууралуу пландалып жаткан сүйлөшүүсүнө Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Марко Рубио катышарын билдирген. Айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Стамбулга Трамптын эки чабарманы Кит Келлог менен Стив Уиткофф барарын жазышкан. АКШнын президенти Түркияга өзү дагы барып калышы мүмкүндүгүн жокко чыгарган эмес.
Стамбулда 15-майда "эч кандай шартсыз" тынчтык сүйлөшүү өткөрүүнү Орусиянын президенти Владимир Путин сунуштаган.