Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 19-майда "Бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин бекитүү жөнүндөгү" өкмөттүн токтомунун долбоорун карап, аны жактырды.
Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, документ тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова маалымат берди.
"Солтонбекованын айтымында, мекемелер аралык комиссия жүргүзгөн инвентаризациялоонун алкагында бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмеси кайра каралып, ага деңиз деңгээлинен 1800 метрден жогору деп аныкталган 31 жаңы калктуу конуш киргизилди. Ошондой эле 61 калктуу конушту тизмеден чыгаруу сунушталып жатат. Талкуу маалында депутат Нилуфар Алимжанова 61 калктуу конушту тизмеден чыгаруунун себебин сурады. Эл өкүлү Балбак Түлөбаев аймактарда картографиялык өлчөөлөрдү жүргүзүү үчүн зарыл болгон геодезиялык пункттарды калыбына келтирүү жана өкмөткө караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин жабдууларын жаңыртуу керектигин белгиледи. Комитет мүчөлөрү ошондой эле айрым айылдар тиешелүү бийиктикке 10-20 метр гана жетпей калгандыктан, тизмеге кирбей калганын айтып, аларды кайрадан карап чыгууну сунуштады",-деп жазылган маалыматта
Бул токтомдун долбоорун 21-мартта ЖКнын Социалдык саясат комитети дагы карап, аны жактырган.
Кыргызстанда бийик тоолуу, шарты катаал аймактарда жашагандарга бир катар жеңилдиктер каралган.
Өлкөдө айрым айылдар бийик тоолуу аймактардын тизмесине кирбей калганына байланыштуу жана бул тизмеден чыгарууга аракет жасалап жатканын улам нааразылык дагы айтылып келген.
Шерине