Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:02

“Орозбековдун небересимин деп айткандан коркуп жашадым”


Адалат Орозбекова небереси Элмира менен. (Элмира Абдыкалыкованын үй-бүлөлүк архивинен)
Адалат Орозбекова небереси Элмира менен. (Элмира Абдыкалыкованын үй-бүлөлүк архивинен)

"Азаттыктын" "Куугунтук курмандыктары" подкастында 1937-1938-жылдардагы репрессияда жазыксыз жерден атылган Абдыкадыр Орозбековдун үй-бүлөсү, жакындарынын тагдыры кандай болгону тууралуу небереси Элмира Абдыкалыкова менен маек курдук.

Элмира Абдыкалыкова - сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон чоң атасы тууралуу жарым кылым бою эч нерсе айтпай жашырып, коркунуч менен жашаган муундун өкүлү. Чоң атасы Абдыкадыр Орозбеков советтик кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири болгон. 1925-жылдан Кара Кыргыз автоном облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган.

1938-жылы Абдыкадыр Орозбеков атылгандан кийин анын бүлөсү, жакындары туш тарапка качып-бозуп, азап-тозоктун баарын көрүптүр. Чачын ак бубак басып, жашы алтымыштан өтүп калган Элмира Абдыкалыкова мага “эмгиче тегатына чоң атасынын ысымын жаздыра албай келгенин” айтып, көзүнө жаш алды. Ал өзү сегиз баланы эрезеге жеткирип, медицина тармагында иштеген.

Абдыкадыр Орозбековдун небереси Элмира Абдыкалыкова “Куугунтук курмандыктары” подкастында
Абдыкадыр Орозбековдун небереси Элмира Абдыкалыкова “Куугунтук курмандыктары” подкастында

Элмира Абдыкалыкова колундагы чоң энесинен калган архив маалыматтар менен бөлүшүп, чоң атасы атылгандан кийин үй-мүлкү, ал тургай балдарынын кийим-кечесине чейин конфискацияланып, аялы, чиедей балдары катуу запкы көргөнүн эскерди.

Абдыкадыр Орозбековдун биринчи жубайынан эки бала калган – Эркингүл, Өзгөрүш. Ал эми экинчи аялы Адалат Орозбекова менен 1930-жылдары баш кошуп, Кемел аттуу уулдуу болушкан. Элмира Абдыкалыкова ошол Кемелдин кызы. Ал чоң энеси Адалаттын колунда өскөн.

Абдыкадыр Орозбеков камакка алынганда шакирти Азиз Токтобаевге (Токбаев) үй-бүлөсүн табыштаган экен. Репрессия маалында Азиз Токтобаев Өзбекстанга кетип, кийин жооптуу кызматтарда иштеген. Ал кыйла жыл Өзбекстан компартиясынын Ташкент облустук комитетинин биринчи катчысы болуп турган. Социалисттик эмгектин эки жолку баатыры болгон. Элмира Абдыкалыкованын айтымында, Азиз Токтобаев Орозбековдун балдарына каралашып жүрүп, 1944-жылдары жесири Адалатка баш кошкон (ошондон кийин Токтобаева болуп күйөөсүнүн тегатын алган).

Элмира Абдыкалыкова
Элмира Абдыкалыкова

Элмира Абдыкалыкова: Мен алты айлык кезимде колуна алып, чоң энем Адалат тарбиялады. Азиз Токтобаев менен чоң энем Адалатты ата-апа деп чоңойдум. Өзүмдүн ата-энем менен жашаган жокмун. Энем ошол репрессия маалын аябай кабыргасы кайышып, көп эскерчү. Тарткан азаптарын, чоң атам Орозбековдун эмгектерин айтып, күндө күн алыс ыйлайт эле. Мен дагы 6-7-класста окуганда гана ал нерсени түшүнө баштадым. Чоң энем сабаттуу, кыйын аял болгон үчүн баарына чыдаптыр да. Өзгөрүш атамдарга (Орозбековдун биринчи жубайынан)да каралашкан. Кийин алар эр жеткенде өз-өзүнчө кетишкен. 1944-жылы Азиз Токтобаевге турмушка чыгып, ошо менен жашады. Энемдин айтымында, чоң атам Абдыкадыр Орозбеков камакта жаткан учурда жардамчысы, шакирти Азиз Токтобаевге кат жазып, бала-чакасын табыштаган экен.

Репрессия маалында Орозбековдун атын атаган кишилер эле куугунтук көрүптүр. Атылгандан кийин НКВД (Ички иштер эл комиссариаты) кызматкерлери келип үй-мүлкүнүн баарын конфискациялап, эмнелер камакка алынганы тууралуу маалымат катты чоң энемдин колуна карматышкан экен. Кайсыл бир датага үйдү бошотуп беришин талап кылып, мөөнөт менен чектеп беришкенин айтып берчү эле. Балдарынын кийимдерине чейин конфискация кылышканын айтканы бар. Абдыкадыр чоң атабыз камалып кеткенден кийин Азиз Токтобаев анын бала-чакасын Кадамжайдын Охна айылына алып келиптир. Биринчи аялынан калган балдары (Өзгөрүш, Эркингүл) дагы чоң энем Адалаттын колунда экен. Аларды Охнага келгенде Абдыкадыр Орозбековдун иниси Өмүрзак колуна алыптыр (Орозбековдун биринчи аялы Акунова Абакандан бир уул, бир кызы болгон). Охнага барышканда ар кайсыл жерде жашырынып жүрүшүптүр. Ар ким жектегенин айтып калчу. Ошол кезде шайлоо болуп калып, добуш бергени келсе “эл душманынын аялы” деп чыгарып жиберишкенин кеп кылчу. Өтө көп кордук көрүшкөн да...

“...Ошондо аялы Адалат апа үч баласы менен көчөдө калат. Уулу Кемел ал кезде алты жашта болот. Фрунзеге кызын алып кеткени апасы Гүлсүн эже барат. Алар Охнага келип, Гүлсүн эженин үйүндө жашырынып жүрүштү . Кызыл-Булакта Бакты эженин үйүндө баш калкалашты. Абдыкадыр Орозбековдун биринчи аялынан көргөн балдары Эркингүл менен Өзгөрүш Охнада Өмүрзак акенин үйүндө жашашты. Эркингүлү зор, Өзгөрүшү кичине эле. Экөө ээрчишип келатса мектепте окуучулар “эл душманынын баласы келатат” деп качат элек. Алар менен сүйлөшүү жок. Бизге аларды келекелеп качкыла деп үйрөткөн эч ким жок, ошол убакта ушунчалык агитация болгон экен... Орозбековдун балдары эч ким менен байланышы жок, ушундай кыйынчылыкта жүрүшкөн...Согуш учурунда Адалат апа Азиз Токтобаев деген киши менен турмуш курган. А.Орозбековдун уулу Кемел өгөй атасынын фамилиясын алып, өзүнүн ким экенин жашырып жашаган. Ал 1956-жылы Охна айылына кайра келген. Жогорку билим албаса да Кемел абдан акылдуу киши болгон”. (Амирбек Аззам уулу, Петр Кокайсл "Кыргызстан тарыхы күбөлөрдүн көзү менен” (2013-жыл) китебиндеги Талип Исаковдун эскерүүсү).

Адалат Орозбекованын жазган арыздарынын бири.
Адалат Орозбекованын жазган арыздарынын бири.

- Орозбеков камакка алынган учурда сиздин чоң энеңиз Адалат менен жашап жүргөнбү?

- Ооба. Алар баш кошуп, чоң энем Пишпекке келгенде Абдыкадыр Орозбеков чоң атам бир уул, бир кызы менен турчу экен. Орус бала багуучулары болуптур.

- Чоң энеңиздин жерлиги деле Кадамжайдын Охна айылынан экен. 1938-жылы айылына качып келгенден кийинки тагдырын дагы кенен айтып берсеңиз.

- Охна айылында эле турмуш кечиришиптир. Чоң энем баласын эжелеринин колуна таштап, “Күйөөм күнөөсүз камалган” деп Москвага чейин барып, советтик жетекчиликке кайрылууларды жазыптыр. Кыйла жылдар убара тарткан экен. Азиз Токтобаевге турмушка чыккандан кийин анан Өзбекстанда жашаган. Азиз атабыз өзү жетим өсүп, анан Абдыкадыр чоң атам өзүнө шакирт кылып алып, окутуп, жарыгы тийиптир. Чоң атам көрөгөч, кыраакы киши болуптур.

- Азиз Токтобаев кийин Кыргызстанга келчү беле?

- Кыргызстанга келип жүргөн. Бирок эмне себептен Кыргызстанда иштебей калганын билбейм. Балким, ошол репрессиянын кесепети болсо керек. Ал киши дагы чоң атабыз тууралуу “кыйын киши болгон” деп эскерип калчу. Азиз Токтобаев деле Кадамжайдагы Охнанын жанындагы Пүлгөн айылынан чыккан.

Абдыкадыр Орозбековдун уулу Кемел атасынын тебетейин кийип турат. (Элмира Абдыкалыкованын үй-бүлөлүк архивинен)
Абдыкадыр Орозбековдун уулу Кемел атасынын тебетейин кийип турат. (Элмира Абдыкалыкованын үй-бүлөлүк архивинен)

- Сизде сакталып калган сүрөттөрдөн чоң энеңиздин жаш курагындагысы жүрөт. Орозбековдун тебетей менен түшкөн сүрөтү бар эмеспи. Бул сүрөттө ошол тебетейди эки-үч жаштагы баласы Кемел, сиздин атаңыз дагы кийип түшкөн экен. Эки сүрөт бир эле учурда тартылгандай...Чоң атаңыздын кандай таберик буюмдары сакталып калган?

- Өзүнүн аты-жөнү жазылган сааты бар эле. Аны Кадамжайга музейи ачылганда өткөрүп бергенбиз.

- Энеңиз чоң атаңыз Абдыкадыр Орозбековду кантип сүрөттөйт эле? Мүнөзүн, жүрүм-турумун.

- Салабаттуу, мүнөзү оор-басырыктуу болуптур. Кишини бир караганда эле билген кыраакы эле дечү.

- Ошол атылган учурунда аны баары “аксакал” дешчү деп жазышса, бизге жашы өтүп калган кишидей сезилчү. Көрсө, атылган учурунда 48 гана жашта турбайбы. Мына, жакында эле белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов эл оозундагы маалыматтарга таянып, 1938-жылдын кыш, жаз айларындагы репрессия курмандыктары Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнү жайгашкан жерде массалык түрдө жашырылган деп, бул жайды изилдөөгө бийликтен уруксат сурады. Чоң энеңиз же туугандар арасында сөөгү кайда көмүлгөнү тууралуу сөз болчу беле?

- Биз дагы убагында ал боюнча маалымат сурап көп жерлерге кайрылганбыз. “Ала-Арчада” болушу мүмкүн экени сөз болуп калчу. Кана эми, сөөгү жашырылган жай ачыкка чыгып калса!? Куран окуп, чоң атабыздын мүрзөсүнө келип эскерип турсак, кандай жакшы болот эле.

Абдыкадыр Орозбековго тишелүү документ. (Небереси Элмира Абдыкалыкованын үй-бүлөлүк архивинен)
Абдыкадыр Орозбековго тишелүү документ. (Небереси Элмира Абдыкалыкованын үй-бүлөлүк архивинен)

-1956-жылы чоң атаңыз Абдыкадыр Орозбековду сот актагандан кийин туугандарына, жакындарына карата мамиле жакшырганбы?

- Андан кийин деле, мен билгенден 90-жылдарга чейин эле оңой болгон жок. Мисалы, биз чоң атабыздын тегатын алганга мүмкүнчүлүк болбоду. Менин бир туугандарым Асан менен Үсөн Орозбеков деген тегатты алганына аз эле жыл болду. Өзүмдүн атам Кемел 1981-жылы 49 жашында дүйнөдөн өттү. Ошонун алдында гана Орозбеков деген фамилияны алыптыр. Ага чейин Токтобаев болуп жүргөн. Биз болсо Токтобаева болуп жүргөнбүз (ред. - Элмира Абдыкалыкова азыр жолдошунун фамилиясында). Чоң энем убагында Орозбековдун артындагы балдарына фамилиясын бергиле деп дагы кайрылыптыр.

Абдыкадыр Орозбековдун акталганы тууралуу маалыматтын жубайына берилген көчүрмөсү. (Небереси Элмира Абдыкалыкованын үй-бүлөлүк архивинен)
Абдыкадыр Орозбековдун акталганы тууралуу маалыматтын жубайына берилген көчүрмөсү. (Небереси Элмира Абдыкалыкованын үй-бүлөлүк архивинен)

Элмира Абдыкалыкова сактап жүргөн чоң энесинен калган архив документтерде Абдыкадыр Орозбековдун жесири ошол кездеги совет өкмөтүнүн жетекчилерине көптөгөн кайрылууларды жазганын көрөбүз. Архив документтердин арасында НКВД кызматкерлери конфискациялаган буюмдардын тизмеси бар. Орозбеков акталгандан кийин жеке мүлкүн кайтарып берүү же акчалай төлөп берүү өтүнүчтөрүн да жөнөткөн.

Адалат Орозбекова уулу Кемел, небереси Элмира жана сиңдиси Бурмачач. 1965-жыл. (Элмира Абдыкалыкованын үй-бүлөлүк архивинен)
Адалат Орозбекова уулу Кемел, небереси Элмира жана сиңдиси Бурмачач. 1965-жыл. (Элмира Абдыкалыкованын үй-бүлөлүк архивинен)

- Сиз мектепте окуганда, кийин жогорку окуу жайда Абдыкадыр Орозбековдун небересимин деп ачык айта алчу белеңиз?

- Жок, айтчу эмесмин...

- Эмнеге?

- Билбейм, ал мезгилде көп нерселерден кагуу жеп, ошондон айтчу эмес окшойм.

- Коркуп, чочулап жүрүпсүз да?

- Чоң энемдин көзү өткөндөн кийин дээрлик жалгыз эле калдым. Азиз Токтобаев атам дагы өз турмушу менен алек болуп калды. Жаштыгым ошону менен эле бүткөн десем болот.

Абдыкадыр Орозбековго карата кылмыш иши токтотулганы тууралуу маалыматтын көчүрмөсү. (Небереси Элмира Абдыкалыкованын үй-бүлөлүк архивинен)
Абдыкадыр Орозбековго карата кылмыш иши токтотулганы тууралуу маалыматтын көчүрмөсү. (Небереси Элмира Абдыкалыкованын үй-бүлөлүк архивинен)

- Сиз кийин күйөөңүздүн тегатын алдыңызбы?

- Ооба, Абдыкалыкова болуп күйөөмдүн тегатына өттүм. Азыр эми канча жашыбыз калды, ким билет. Бирок мен Орозбекова болуп, ушундай сыймыктуу атанын урпагымын деп башымды көтөрүп жүргүм келет. Биз мурда чоң атама байланыштуу иш-чараларга деле урпагы катары катыша албай келгенбиз.

- Азыр жолу бар да.

- Жолу болсо керек, бирок метрикамды да өзгөртүү керек.

- Сизде азыр деле коркуу сезими барбы?

- Чоң энебиз (күлүп) куугунтук, запкы жегендерин көп айткан да...Азиз атам дагы чочулап, сөз кылышчу.

- Чоң атам ушундай киши болуптур деген сыймыктануу сезими качан пайда болду? Кайсыл учурдан коркпой айта баштадыңыз?

- 1989-жылы Орозбековдун 100 жылдык мааракеси өткөн, ошондон тартып гана ачык айта баштадык.

- Ошого чейин үн катпай жүргөнсүздөрбү?

- Ошол куугунтук, запкыны көрүп калган эжелерибиз бар эле. Ошолор көзү тирүүсүндө “айтпагыла, унчукпагыла” деп эле коркуп жүрүп өтүштү.

- Чоң энеңиздин тарбиясын алып, кеп-сөзүн угуп калган экенсиз. Ошол Абдыкадыр Орозбеков кармалган күндү кантип эскерет эле?

- Чоң атабыз жумуш ордунда эле камакка алыныптыр. Анан НКВД кызматкерлери келип, үйдү тинтүүгө алат. Чоң энем үч бала менен бурчка тыгылып олтуруп калдым деп айтып берчү. Үй-жайдын баарын чачып, тинтишкен экен. Үй-мүлкүн конфискация кылабыз деп, буюмдарын тизмелептир. Анан энемдин колуна карматып, ушулар конфискация болду дешиптир. Үйдү кайсыл бир датада бошоткула дегенин айтчу.

Бул документте үйдөгү буюм-тайымдардан тартып, балдарынын кийим-кечесине чейин конфискацияланганы тизмектелген.
Бул документте үйдөгү буюм-тайымдардан тартып, балдарынын кийим-кечесине чейин конфискацияланганы тизмектелген.

- Чоң энеңиздин көзү качан өттү?

- Энем 1974-жылы 19-январда оорудан, кан басымы көтөрүлүп, ошондон каза болуп калды.

- Мектепте тарых сабагын окучу белеңиз? Ушул репрессия темасы бар беле?

- Мен Өзбекстанда орус тилдүү мектепте билим алдым. Бул тууралуу кийин эле сөз болду. Биз Ташкенттен 1971-жылы көчүп келдик. 1974-жылга чейин Фергана шаарында жашадык. Азиз Токтобаев атабыз педагогикалык окуу жайда саясий экономика деген сабактан дарс окучу. Биз Кадамжайга жакын көчүп келдик. Анткени чоң энем “ден соолугума байланыштуу элге жакын көчүп баралы” деп, Ташкенттен көчүп келгенбиз.

- Сиздеги архив документтерди карап олтурсам, Азиз Токтобаевдин документтеринен бери сактап жүрүпсүз?

- Ооба, менин колумда калгандары ушул. Атабыздын өзүндө дагы документтери кеткен да.

- Ал киши менен кийин карым-катнаш болгон жокпу?

- Болбой калды...Өзү дагы кийин жашы өтүп, келбей да калды. Орозбеков чоң атабыздын 100 жылдык мааракеси өткөндө келген. Ошондо көзүнө жаш алып ыйлады. Эмнеге ыйлаганын билбейм, балким, бизден кол үзүп кеткенине кайгырдыбы...Ошол келгенинде Асан, Үсөн инилерим менен алдына барып, ал-акыбал сураштык.

Азиз Токтобаев атам өзүнүн фамилиясын берип, тарбиялап өстүргөнүнө ыраазыбыз. 1975-жылдан кийин карым-катнаш кылбай калдык. Чоң энебиздин көзү өттү. Мен Кызыл-Кыядагы медицина окуу жайында окудум. Анан Азиз Токтобаев дагы башкага үйлөнүп, Ферганадагы үй-жайын сатып, көчүп кетишти.

Азиз Токтобаевге таандык документ. (Элмира Абдыкалыкованын үй-бүлөлүк архивинен)
Азиз Токтобаевге таандык документ. (Элмира Абдыкалыкованын үй-бүлөлүк архивинен)

- Азиз Токтобаевдин башка бала-чакасы дагы барбы?

- Бир кызы бар.

- Чоң энеңиз сизди ымыркай кезиңизден эле баккан экен да.

- Ооба, мени алты айлыгымда колуна алыптыр. Кемел атам менен апам ажырашып кетиптир. Апамдын колунан чоң энем алып кетиптир. “Сен жашсың, турмушка чыгып дагы төрөйсүң” деп мени алып кетиптир. Мен өз апамды көргөн эмесмин, тааныбайм. Мени чоң энем менен Азиз Токтобаев атам өздөрүнө каттатып, тарбиялап өстүргөн. Ал эми менин бир тууган инилерим Асан менен Үсөн атам Кемелдин колунда Ошто турушкан. Мен Кемел атамдар менен чогуу жашаган жокмун.

Элмира Абдыкалыкованын чоң энеси катып жүргөн архив маалыматтарды карап олтуруп, Адалат Орозбекова билим алууга абдан дилгир болуп, юридикалык, педагогикалык курстарда окуп, улам билимин өркүндөтүп келгенине күбө болобуз. Ал өз колу менен жазган өмүр баянында жаш кезинде эле апасынын көзү өтүп кетип, окуганга мүмкүнчүлүгү болбой калганын айтыптыр. Өтө жаш чагында турмушка чыгып, кийин гана билим алууга умтула баштаган.

- Чоң энеңиз менен Абдыкадыр Орозбеков кантип баш кошуп калыптыр?

- Чоң атам биринчи жубайы менен 1927-жылы ажырашыптыр. Анан айылындагы туугандарына сөз кылып, "жакшы кыз болсо үйлөнөт элем" деген окшойт. Анан чоң энемдин дагы тагдыры оор болгон да. Жаш кезинен апасы каза болуп калып, туугандары алты кызын бөлүп кетип, тарбиялап өстүрүптүр. Анан ошондо Абдыкадыр атабызга тааныштырып, баш кошуп калышат. “Абдыкадыр чоң атаңа турмушка чыккандан кийин билим алгын деп окуткан” деп айтып калчу. Ошондо көп курстардан окуптур. Мээриям Тууганбаева, Айым Айтпаева, Жамилия Суранчиева деген аялдар менен чогуу Нагима Хамзиевнадан (Төрөкул Айтматовдун жубайы) сабак алышкан экен. Чоң энем сабаттуу, адамгерчиликтүү кыйын аял болгонун аны тааныгандар азырга чейин кеп кылып жүрүшөт.

Абдыкадыр Орозбеков (1889 - 1938)
Абдыкадыр Орозбеков (1889 - 1938)

Абдыкадыр Орозбеков - Кара Кыргыз автоном облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы болгон. Репрессияланган учурунда 48 жашта эле. 1937-жылы сентябрда камакка алынып, сегиз айдан кийин тергөө учурундагы ур-токмоктон өлгөнү тууралуу маалыматтар бар.

Орозбековдун абакта кандай жагдайда каза тапканын көргөн күбөнүн өз оозунан уккандарын белгилүү санжырачы, 95 жаштагы Сыргак Сооронкулов мындайча эскерген:

“Таласта эл башкарган Жунусов Манапбай, Баратбай дегендер сталиндик репрессия маалында, 1937-жылдары камакка алынып, кийин бошотулган экен. Мен ошол Манапбайы менен жакшы сүйлөшүп калар элем. Анда мен жашмын, ал киши мени жакшы көрүп көп сүйлөшөт. Ошол кишинин айтымында, азыркы Логвиненко менен Токтогул (Бишкектеги) көчөлөрүнүн кесилишинде, жолдун түштүк ыптасында орустар курган чакан үйлөр бар экен. Ошол жерде медициналык окуу жай үчүн жатакана курулуптур. Репрессия маалында камакка алынгандарды ошол жатакана деп курулган имаратка камашыптыр. Манапбай ошол жерге камалганын айтып берген. “Бир камерада толтура киши отуруптур. Төрдө олтурган киши “Кел, менин жаныма өт. Сени тааныдым, бул таластык жигит” деп калды. Көрсө, ошол киши Абдыкадыр Орозбеков экен” деп айтып берген. “Чекеден суракка алып кетишет. Бир мерте Орозбеков тергөөчүнүн сурагына кетип, адаттагыдан узакка чейин келбеди. Анан эле опур-топур болуп калды, эки аскер Орозбековду колдон-буттан алып сүйрөп келди. Аябай сабашкан экен. Бирок тирүү экен, эки сааттай жатып калып, анан өзүнө келди. “Ден соолугум болбой калды, мени талкалап коюшту. Ичимден соо жерим калбады, аябай тепкилешти. Жаңылыштык өзүмдө болду, иш оңолгондо өзүм болбой калдым, балдар” деди. Ошентип каза болуп калды. Анан төрт аскер кирип келип, көтөрүп чыгып кеткен. Ошол бойдон дайыны чыккан жок” деп айтып берген эле”.

Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү “Ала-Арчага” жашырылганбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:10 0:00


Шерине

XS
SM
MD
LG