Түркмөнстандын Ахал облусунда армиядагы жоокерлер пахта талаасында иштөөгө мажбур болуп жатканы тууралуу "Азаттыктын" түркмөн редакциясы - "Азатлык" радиосу жазды. Маалыматка караганда, ушундан улам коңшу өлкөдө аскерден качкан дезертирлердин саны көбөйдү.
"Азатлык" радиосунун ишенимдүү булактары аскерлер талаага ишке жиберилип, аларга төлөнчү акча аскер жетекчилеринин колуна тиерин айтышкан. Жергиликтүү эл аларга эмгек шаймандары берилбей турганын айтып беришкен.
Ишке салынган жоокерлердин бири алар жумуштан баш тартса, ур-токмокко кабыларын, командирлердин уруксаты менен эс аларын айтып берген.
"Каалаган убакта суу иче албайсың, аскер жетекчилигинин уруксаты менен гана эс аласың", - деген журналисттерге алардын бири.
Журналисттер жогорудагы окуялардан улам аскерден качкандардын саны көбөйгөнүн, буга байланыштуу темир жол жана автобекеттерде текшерүү күчөгөнүн жазды.
Түркмөнстанда пахта талааларында мажбурлап иштеткен учурлар арбын. Аскерге чакырылгандар, мектеп мугалимдери, коммуналдык кызматкерлер, балдар да талаага чыгарылат.
Жаш балдарды ишке мажбурлоо фактыларынан улам 2018-жылы АКШ Түркмөнстандан пахта импорттоого, 2021-жылы Европарламент товар ташууга тыюу салууну талап кылган. (AiA)
Шерине