Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти жоюлду


Бишкек шаарынын мэриясы.
Бишкек шаарынын мэриясы.

Бишкек шаардык мэриясына караштуу Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти жоюлду. Мэриянын басма сөз кызматы мындай чечим башкаруу системасын "түп-тамырынан" бери реформалоо аракеттеринен улам жасалганын билдирди. Бул департаменттин функциялары мэриянын борбордук аппаратына өткөрүлгөнүн кабарлады.

"Бишкек шаарынын мэринин демилгеси менен муниципалдык башкаруу системасын түп-тамырынан бери реформалоо башталды. Ал коррупциялык схемаларды толугу менен жоюуга жана шаардык активдер менен иштөөнүн принципиалдуу жаңы системасын түзүүгө багытталган. Өзгөртүүлөрдүн алкагында кадр саясаты толугу менен кайра каралып чыгат. Мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү бардык негизги кызмат орундары жаңы адистер менен алмаштырылат, башкаруучулардын командасы түзүлөт,-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин муниципалдык менчикти ижарага берүүдө коррупциялык көрүнүштөр, натыйжасыз башкарууга байланыштуу байма-бай доомат-сын айтылып келген.

Март айында кыргыз өкмөтү алты айдын ичинде мамлекеттик башкаруyну кескин реформалап, бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекеме-уюмдарды жоюу, бюрократия менен ашыкча чыгымдарды азайтуу планын жарыялаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген мекеме аралык комиссия 26-мартта алгачкы жыйынга чогулган жана анда 40тан ашык чечимдин долбоору каралганы айтылган.


Шерине

XS
SM
MD
LG