Праганын шаардык соту Орусиянын башкы прокуратурасынын журналист Фарида Курбангалееваны Орусияга экстрадицияло өтүнүчүн четке какты. Маалыматка караганда, Курбангалеева соттук отурумга ден соолугуна байланыштуу катыша алган эмес.
Фарида Курбангалеева Орусиянын көзөмөл органынын өтүнүчү тууралуу быйыл 10-февралында Чехиянын полициясы аркылуу кабардар болгон.
Былтыр июнда Орусиянын Ички иштер министрлиги журналистке издөө жарыялап, Росфинмониторинг аны "терроризмге жана экстремизмге байланышы бар" деп шек саналгандардын реестрине каттаган.
Курбангалеева Орусия бийлигинин чечими анын ишмердүүлүгүнө таасир эте албай турганын айткан.
"Мен жараны болгон Орусия мамлекети Украинада кылмыштуу, баскынчылык согуш жүрүп жатат. Элди кул кылат, кыйнайт, тонойт, зордуктайт, уурдайт жана башкача ойлонгондун баарын кысат", - деген ал.
Курбангалеева Прагада жашайт. Ал журналисттик карьерасын Казанда баштаган. 1998-жылдан 2007-жылга чейин "Татарстан" мамлекеттик телеканалында иштеген. 2007-2014-жылдары "Россия-1" телеканалынын жаңылыктар бөлүмүндө иштеген. 2014-жылы Крым аннексияланып, Донбасста согуш башталганда федералдык телеканалдан кеткен.
Орусиядан чыгып кетип, түрдүү көз карандысыз маалымат каражаттары менен кызматташып келген. 2018–2021-жылдары ал "Настоящее время" телеканалында алып баруучу болуп иштеген. (AiA)
Шерине