Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

Киев менен Москва 1000ден туткун айырбаштоону баштады


Орусиядагы туткундан кайтарылган украиналык аскерлер. 19-март, 2025-жыл.
Орусиядагы туткундан кайтарылган украиналык аскерлер. 19-март, 2025-жыл.

Орусия менен Украинанын ортосунда "1000ге 1000" деген формуланын негизинде туткундарды алмашуу жараяны башталды. "РБК-Украина" өз булактарына таянып, бул процесс үч күнгө созуларын жазды.

23-майда түштөн кийин ТАСС агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме кылып, эки тараптан тең 270 туткун айырбашталганын маалымдады. Министрлик Украинанын аймагына 270 аскер менен кошо 120 жай тургун өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.

Бир катар маалымат каражаттары эки тарап туткундарды Украина менен Беларустун чек арасында айырбаштап жатканын жазышты. Бул Орусия Украинага басып кирип, кол салгандан берки жаатташкан эки тараптын ортосундагы эң ири туткун алмашуу жараяны.

23-майда АКШнын лидери Дональд Трамп Truth социалдык тармагына жазган билдирүүсүндө эки тарапты бул макулдашууга жетиши менен куттуктаган. "Бул чоң нерсенин башталышы болушу ыктымалбы?", - деп жазган ал.

Бейшембиде украин президенти Владимир Зеленский Москва сураган туткундардын тизмеси алынганын билдирген. Ал телеграм-каналына "Орусияда туткунда кармалып турган миң жараныбызды бошотуу тууралуу макулдашуу Түркиядагы жолугушуунун жападан жалгыз реалдуу жыйынтыгы болуп калды. Натыйжа үчүн иштеп жатабыз",- деп жазды.

Кийинчерек Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия дагы Киев жөнөткөн туткундардын тизмесин алганын бышыктады.

Өткөн аптанын этегинде Стамбул шаарында үч жыл мурун үзгүлтүккө учураган орус-украин сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, ири туткун алмашуу тууралуу гана орток пикир гана табылган.

Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.

Bloomberg басылмасы Стамбулда Москванын делегациясы Украинадан Орусия оккупациялаган аймактарынан баш тартышын талап кылганын жазган. Өз булактарына шилтеме кылып басылма аннексияланган Крым жарым аралы жана Орусия жарым-жартылай оккупациялап алган Украинанын төрт облусу эл аралык деңгээлде Орусияныкы деп таанылышы керектигин талап кылып жатканын билдирген. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG