АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын Украинага жасаган соңку ири чабуулунан улам орус президенти Владимир Путинди сындады.
Ал өзүнүн Truth Social соцтармагындагы баракчасына Путинге "ичи чыкпай" жатканын белгилеп, аны "акылынан айнып калган" деп айыптады. Ошол эле маалда украин президенти Владимир Зеленскийди дагы сындады.
"Орусиянын президенти Владимир Путин менен такай жакшы мамиледе элем, бирок ага бир нерсе болгон окшойт. Ал такыр эле акылынан айнып калды! Ал атайлап көп кишини өлтүрүп жатат, мен жоокерлер тууралуу эле айтып жаткан жокмун. Ракеталар, дрондор менен Украинанын шаарларын эч себепсиз эле аткылап жатат. Ал (Зеленский - ред.) айткан нерселердин баары проблема жаратат. Мага бул жакпай турат, ушунун баары бүтсө болот эле. Эгер мен президент болуп турганымда бул согуш такыр башталбайт эле. Бул Зеленскийдин, Путиндин жана Байдендин согушу, меники эмес",-деп жазды Трамп.
Кремл бул билдирүүгө азырынча комментарий бере элек.
Өткөн аптада Трамп кызматка киришкенден бери Путин менен телефондон үчүнчү жолу сүйлөшкөн. АКШнын президенти соңку баарлашууну "эң мыкты" деп баалаган. Truth Social соцтармагындагы баракчасына Москва менен Киев ок атышууну токтотуу, элдешүү тууралуу "токтоосуз" сүйлөшөт деп жазган.
Өз кезегинде Путин бул сүйлөшүү тууралуу комментарий берип жатып Киев менен "Украинага байланыштуу болочоктогу тынчтык келишими тууралуу меморандумдун" үстүнөн иштөөгө даярдыгын билдирген.
Стамбул шаарында 16-майда согуш башталган үч жылдан берки алгачкы орус-украин бетме-бет сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган жок, Украина Орусияны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.
Буга чейин Трамп Путин менен жолукмайынча тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн эч кандай натыйжа болбой турганын айтып келген. Кошмо Штаттарынын президенти Ак үйгө кайтып келгенден бери Украинадагы согушту токтотуу аракетин көрөрүн такай билдирип жатат.
Орусия 25-майга караган түнү Украинанын бир нече аймагын ракета жана дрондор менен жапырт аткылаган. Соккуларда бир нече жайкын адамдын өмүрү кыйылган, дагы бир топ киши жараат алган.
Шерине