Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:30

POLITICO: АКШ студенттик виза берүү үчүн маектешүүлөрдү токтотту


АКШ администрациясынын Гарвард университетине каршы чараларга нааразылыгын билдиргендер. АКШ, 17-апрель 2025-жыл.
АКШ администрациясынын Гарвард университетине каршы чараларга нааразылыгын билдиргендер. АКШ, 17-апрель 2025-жыл.

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы Америкада окуу үчүн виза сурагандардын социалдык тармактардагы баракчаларын текшерүү планын караштырууда. Бул тууралуу POLITICO басылмасы АКШнын чет жактардагы элчиликтерге жөнөтүлгөн дипломатиялык каттарга шилтеме менен жазды.

Тышкы саясий мекеменин жетекчиси Марко Рубио шейшембиде кол койгон депешада айтылгандай, баракчаларды текшерүүгө даярдыктын алкагында Мамлекеттик департамент визага тапшырган студенттер менен маектешүүнү токтотуу көрсөтмөсүн берди.

Маалыматка караганда, элчиликтер менен консулдуктар азырынча интервьюлар үчүн кошумча даталарды белгилебейт.

Бул долбоор ишке ашырылса студенттик визаларды чыгаруу жараяны кыйла жайлап калмакчы. Андан тышкары POLITICO белгилегендей, каржы жагынан чет элдик студенттерден көз каранды университеттерге чоң сокку болуп калат.

Буга чейин америкалык администрация социалдык тармактарды текшерүү талабын киргизген. Бирок ал негизинен Израилдин Газадагы согушуна каршы акцияларга катышан болушу мүмкүн деген АКШга кайтып келаткан студенттерге тиешелүү болчу.

Ак үй ошондой эле Гарвард өңдүү либералдуу университеттердин үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүдө. Муну менен катар миграциялык талаптардын алкагында айрым чет элдик студенттер кармалган.


Шерине

XS
SM
MD
LG