25-майга караган түнү Украинанын бир нече аймагы кайрадан Орусиянын ракета жана дрон соккуларына кабылганын, адам өмүрү кыйылып жатканан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлоодо.
Хмельницкий облусунун администрациясынын маалыматына караганда, орус аскерлеринин чабуулунан кеминде төрт киши каза болду, дагы беш киши жараат алды, жарандык инфраструктурага, ондогон үйгө зыян келтирилди.
Борбор калаа Киевдин бир катар районунда учкучсуз учактын сыныктары түшүп, имараттар кыйрады, кээ бир жерлерде өрт тутанып, кеминде 11 адам жараат алды.
Киев облусунун аймагында үч киши каза тапканын, ондон ашуун киши жараат алганын кабарлашты.
Ал эми Николаев шаарында Орусиянын чабуулунан бир кишинин өмүрү кыйылганын, беш киши түрдүү жараат алганын, алардын экөөнүн абалын дарыгерлер оор деп баалап жатышканын, 210 киши эвакуация болгонун жергиликтүү администрация маалымдады.
Одесса, Харьков, Чернигов, Тернополь, Сумы, Днепропетров, Житомир, Черкасск облустарында да өрт чыгып, жарылуулар болгонун жергиликтүү бийлик кабарлоодо.
Стамбулдагы соңку сүйлөшүүлөрдө Украина менен Орусия 1000/1000 туткун айырбаштоону макулдашып, бул жараян дал ушул күндөрү жүрүп жаткан.
24-майга караган түнү Киев калаасы жапырт ракета жана дрон чабуулуна кабылган. Башка аймактарда да Орусиянын соккусунан адамдар каза болгон. (RK)
Украинанын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү 24-майга караган түнү Орусия соңку апталардан бери алгачкы жолу жапырт чабуулдарын күчөткөнүн, борбор калаа Киевде кеминде 15 жайкын тургун жараат алганан билдиришти.
Киевге чабуул башталардан бир нече саат мурдараак эки өлкө 2022-жылы Орусия коңшусуна каршы толук масштабдуу согуш ачкандан бери туткун айырбаштоо боюнча ири жараянды ишке ашыра башташкан.
Украина менен Орусия бири-бирине туткунда кармап келген жүздөгөн аскер кызматкерлерин, жайкын тургундарды өткөрүп беришкен жана дем алыш күндөрү да бул иш уланарын билдиришкен.
Украин президенти Владимир Зеленский ишембиге караган түн оор болгонун белгилеп, сокку урулган, дрондордун сыныктары түшкөн жерлерде куткаруу, тазалоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.
"Түндө шаарда өтө көп жерде өрт тутанды, жарылуулар болду. Кайрадан жайкын тургундардын үйлөрү, машиналары, ишканалар зыян тартты. Тилекке каршы, жараат алгандар бар", — деп кошумчалады ал.
Өлкөнүн Аскер-аба күчтөрү билдиргендей, 24-майга караган түнү Орусия Украинанын аймагына "Искандер-М/КН-23" баллистикалык ракеталарынан 14тү, "Шахед" учкучсуз учактарынан жана башка дрондордон 250гө жакынын учурду. Бул жолу бутага алынган негизги аймак борбор калаа Киев болду.
Абадан коргонуу күчтөрү Киевге багытталган баллистикалык ракеталардын алтоону жана дрондордун 245ин атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү кабарланды.
Түнкү чабуулдардан, полициянын маалыматына караганда, кеминде 15 киши жараат алды.
23-майда Орусия Одессаны бутага алып, ракеталык соккудан эки жайкын тургундун өмүрү үзүлгөнүн, дагы бир нече адам жараат алганын жергиликтүү бийлик билдирген.
Соккуга кабылганын Орусия да айтууда. Өлкөнүн аскер кызматкерлери кабарлагандай, 20-майдан бери Украина 788 жолу дрон жана ракета учурду, анын 776сы атып түшүрүлдү.
Маалыматтарды согуш шартында көз каранды эмес булактардан өз алдынча тактоого мүмкүнчүлүк жок.
24-майдагы чабуулдарды айыптаган Зеленский "мындай соккуларга күбө болгон сайын дүйнө согуштун токтобой жатышынын себеби Москвада экенине ынанууда" деди.
Украина атышууну токтотууну улам сунуштап келе жатканын, бирок андай демилгелеринин баарын көз жаздымда калтырып жатышканын белгилеген украин лидери "Демек, жакшы натыйжага жетиш үчүн Орусияга басымды күчөтүп, чыныгы дипломатияны баштоо зарыл" деп белгиледи жана АКШдан, Европадан орус бийлигине каршы санкцияларды күчөтүүнү күтүп жатканын кошумчалады.
Ал эми туткун айырбаштоо жараяны боюнча Зеленский "Биз адамдарыбызды үйүнө кайтарып жатабыз. 1000ге 1000 туткун айырбаштоо тууралуу келишимдин биринчи бөлүгү ишке ашты" деп Telegram каналына жазды. Анын айтымында, бул жараян алкагында ар бир тарап 390дон кишини өткөрүп берди, 24-25-майда да айырбаштоо уланат.
390 кишинин 270и аскер кызматкери, 120сы жайкын тургун экени кабарланды.
Украинанын борбор калаасы Киев 24-майга караган түнү Орусиянын жапырт аткылоосуна кабылганын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Дээрлик жети саат бою орус аскерлери Киевге согуштук дрон жана баллистикалык ракета менен чабуул коюп чыгышканы маалымдалды.
Борбор калаанын үстүнөн "Искандер" баллистикалык ракеталардан алтоону атып түшүрүшкөнү, жалпысынан бул түнү Орусия Украинанын аймагына мындай ракеталардан 15ти учурганы белгилүү болду.
Ал эми учкучсуз учактардан 250сү учурулганы, анын 245и жок кылынганы айтылды. Киевдин улам бир жеринде жарылуу болгону, дрондун сыныгы түшкөн жерлерде өт тутанганы, көп кабаттуу үйлөргө зыян келтирилгени кабарланды.
Эртең 25-майда Киевде шаар күнү белгиленет.
Калаа мэри Виталий Кличконун айтымында, ишембиге караган түнкү чабуулдан жабыркаган эки жайкын тургун ооруканага жаткырылды, жараат алган дагы алты адамга медициналык жардам жеринен көрсөтүлдү.
Орусия Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган. Атышууну токтотуу аракеттеринен майнап чыга элек.
Орусия менен Украинанын ортосунда "1000ге 1000" деген формуланын негизинде туткундарды алмашуу жараяны башталды. "РБК-Украина" өз булактарына таянып, бул процесс үч күнгө созуларын жазды.
23-майда түштөн кийин ТАСС агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине шилтеме кылып, эки тараптан тең 270 туткун айырбашталганын маалымдады. Министрлик Украинанын аймагына 270 аскер менен кошо 120 жай тургун өткөрүлүп берилгенин кошумчалады.
Бир катар маалымат каражаттары эки тарап туткундарды Украина менен Беларустун чек арасында айырбаштап жатканын жазышты. Бул Орусия Украинага басып кирип, кол салгандан берки жаатташкан эки тараптын ортосундагы эң ири туткун алмашуу жараяны.
23-майда АКШнын лидери Дональд Трамп Truth социалдык тармагына жазган билдирүүсүндө эки тарапты бул макулдашууга жетиши менен куттуктаган. "Бул чоң нерсенин башталышы болушу ыктымалбы?", - деп жазган ал.
Бейшембиде украин президенти Владимир Зеленский Москва сураган туткундардын тизмеси алынганын билдирген. Ал телеграм-каналына "Орусияда туткунда кармалып турган миң жараныбызды бошотуу тууралуу макулдашуу Түркиядагы жолугушуунун жападан жалгыз реалдуу жыйынтыгы болуп калды. Натыйжа үчүн иштеп жатабыз",- деп жазды.
Кийинчерек Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия дагы Киев жөнөткөн туткундардын тизмесин алганын бышыктады.
Өткөн аптанын этегинде Стамбул шаарында үч жыл мурун үзгүлтүккө учураган орус-украин сүйлөшүүсү өткөн. Бирок анын жүрүшүндө ок атышууну токтотуу макулдашылган эмес, ири туткун алмашуу тууралуу гана орток пикир гана табылган.
Киев Москваны "аткарылгыс талаптарды коюп жатат" деп айыптаган.