Казакстанда ызгаар күчү 45 градуска жетет
Казакстанда ызгаар күчөп, үшүккө алдыргандар көбөйдү. Бала-бакча, мектептер жабылды. 26-январга чейин сууктун күчү түнкүсүн 45 градуска жетери эскертилди. Актөбөдөгү кырсыкта өлгөн өзбекстандыктардын сөөктөрү жерге берилди. Шавкат Мирзиёев маркумдардын жакындарына көңүл айтып, алардын өлүмү үчүн мамлекет да жооптуу деди. Дүйнөдө былтыр табылган ар 5 доллардын 4ү ири байлардын чөнтөгүнө кеткен. Анткен менен планета калкынын жарымынан көбүнүн кирешеси өспөгөнү эсептелди. Дүйнө лидерлери Давоско чогулууда. Бирок Швейцария бийлигин конок камынан да калың кар катуу жүдөтүүдө.
Чыгарылыштар
-
Май 23, 2025
Оштун казысы эмне үчүн кармалды?
-
Май 21, 2025
Орусия 20 миңдей мигрантты кармап, согушка айдады
-
Май 20, 2025
Жол эрежесин бузгандар кайра сынак тапшырат
-
Май 19, 2025
Газа: Израил жердеги ири операциясын баштады