Гарварддын профессору Коттердин “Кырсык тооруган айсберг” китеби кыргызчаланды

Гарвард университетинин профессору Жон Коттердин “Кырсык тооруган айсберг” (Our iceberg is melting) китеби кыргызчага которулду.

“Китепстан” басма үйү билдиргендей, чыгарманы Алтынай Токтоматова кыргызчалаган.

“Кырсык тооруган айсберг” бестселлеринде тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө олуттуу көйгөйдү көрө билүү, күчтүү калканыч табуу, багытты так аныктоо, өзгөрүүгө көнбөгөндөрдүн тилин табуу сыяктуу кадамдар баяндалган.

Китептин автору Жон Коттер – менежмент жана лидерлик боюнча адис, бир нече эмгектердин автору. Ал “Кырсык тооруган айсберг” китебин Холгер Ратгебер менен биргеликте жазган.

Буга чейин британиялык жазуучу Ханна Голддун балдарга арналган “Акыркы аюу” китеби кыргызчага которулган.

Анда экология көйгөйлөрү: таштанды, климаттын өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн жана уюлдардагы муздун эриши, бул аймактарды байырлаган жаныбарлардын жок болуу коркунучу чеберчилик менен жазылган.

Дагы караңыз

Ак кар жамынган Ала-АрчаОң рулдуу машинени такси катары айдоого тыюу салууну парламенттеги дагы бир комитет колдодуАба ырайы: Көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайтОрусиянын аэропортунда кыргызстандыктар аскерге чакыруу алганына түшүндүрмө берилди