Сумы: жүргүнчү ташыган автобуска урган Орусиянын соккусунан тогуз киши мерт болду

Архивдик сүрөт.

Украинанын Сумы облусунда жүргүнчү ташыган кичи автобуска жасаган Орусиянын чабуулунан тогуз киши мерт болду, дагы жети адам жаракат алды, алардын үчөөнүн абалы оор. Бул тууралуу 17-майда облустук администрациянын башчысы Олег Григоров билдирди.

“Тилекке каршы, автобуска жасалган уятсыз орусиялык чабуулдан жайкын тургундар мерт болду”,-деди Григоров.

Чабуул болгон жерде куткаруу иштери жүрүп жатат.

Орусия буга байланыштуу комментарий бере элек.

Мунун алдында чабуул Орусиянын чек арасынан 10 чакырым алыстыкта турган Белополье шаарында болгону тууралуу маалыматтар айтылган.

Орус армиясы Сумыдагы чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарды 10-майда дагы ошол маалда жарыяланган үч күндүк тыныгууга карабай бутага алган жана жалпысынан 271 жолу сокку урганы, натыйжада бир киши каза болуп, дагы үчөө жараат алганы маалымдалган.

Дагы караңыз

Бишкек менен Чүйдү газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталдыКылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестри прокуратурадан ИИМге өттүBloomberg: Стамбулда Орусия Украинадан аймактарынан баш тартышын талап кылды Ак-Буурага түшүп кеткен 13 жаштагы баланын сөөгү табылды Чукул кабар: аба ырайы кескин өзгөрөт, күн сууктап, катуу жамгыр, шамал болотКыргызстан менен Тажикстандын министрлери автобус каттамын жандантууну сүйлөштү ӨКМ жоокерлерди мазактаган аскер кызматкери камакта экенин билдирди