Сот камакка алган мүлктү онлайн аукциондо сатуу башталды

Жогорку соттун имараты

Жогорку сот камакка алынган жана чыгым үчүн өндүрүлгөн мүлктү сатуу үчүн portal.sot.kg сайты аркылуу электрондук аукцион системасы ишке киргизилгенин билдирди.

Буга байланыштуу 16-майдагы расмий иш-чарада Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев “бул жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыгында камакка алынган жана өндүрүлгөн мүлктү ачык-айкын, ыкчам жана адилеттүү сатууну камсыздаган механизм” болорун айтты. Ошондой эле коррупциялык тобокелчиликтерди азайтууга багытталганын белгиледи.

“Система арыз тапшыруудан тартып сооданын жыйынтыгын чыгарууга чейин толугу менен автоматташтырылган. Аукциондун уюштуруучусу болуп сот аткаруучу саналат, ал электрондук соода аянтчасына автоматташтырылган «Аткаруу өндүрүшү» маалыматтык системасы аркылуу лот боюнча маалыматты жана бардык керектүү документтерди тиркеп жайгаштырат”,-деп жазылган Жогорку сот тараткан маалыматта.

Саамалыктын алгачкы этабы Бишкек шаарынан башталат, сыноодон өткөндөн кийин башка аймактарга дагы жайылтылат.

Буга чейин соттун чечими менен камакка алынган, чыгым үчүн өндүрүлгөн мүлктү сатуудагы коррупция, кыңыр иштер тууралуу арыз-доомат көп айтылып келген.

Дагы караңыз

Бишкекте өзбекстандык студент кызды сүзүп кеткен айдоочу камалды Сумы: жүргүнчү ташыган автобуска урган Орусиянын соккусунан тогуз киши мерт болду NBC News: Ак үй палестиндерди Ливияга көчүрүүнү караштырып жататИзраил Газада ири чабуул баштаганын жарыяладыСалман Рушдиге кол салган жаран 25 жылга соттолдуБишкек менен Чүйдү газдаштыруу үчүн жеңилдетилген насыя берүү башталдыКылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестри прокуратурадан ИИМге өттүBloomberg: Стамбулда Орусия Украинадан аймактарынан баш тартышын талап кылды