ИИМ: Шаирбек Бопонов ички иштер органдарынан биротоло бошотулду

Шаирбек Бопонов.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) милициянын полковниги Шаирбек Бопонов бир ай иштей электе эле Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Чүй облустук башкармалыгына жетекчи кызматынан алынганын, ички иштер органдарынын биротоло бошотулганын билдирди.

Маалыматта мындай чечим 20-майда кызматтык иликтөөнүн негизинде кабыл алынганы белгиленген.

"Шаирбек Бопонов укук коргоо органдарынын тартиптик уставынын талаптарын одоно бузганы, жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылууда түздөн-түз функционалдык милдеттерин аткарбаганы жана эч себепсиз кызматка чыкпай койгону үчүн ИИМдин буйругу менен укук коргоо органдарынын катарынан биротоло бошотулду",-деп жазылган маалыматта.

Бопонов өзү бул тууралуу комментарий бере элек.

Ал бул кызматка 20 күн мурда, 1-майда дайындалган. Айрым жергиликтүү басылмалар сот Бопоновду актап, кызматын калыбына келтиргенин жазган.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Шаирбек Бопоновду 2020-жылдын аягында коррупцияга айыптап кармаган. Атайын кызмат "Актилек" өткөрмө бекетиндеги коррупциялык схемага Бопоновдун тиешеси бар экенин, ал жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан 500 сомдон 5 миң сомго чейин алып турганын билдирген.

Дагы караңыз

Бастрыкин орус жарандыгын алган 20 миңдей мигрантты "тутуп алып" Украинада согушка салышканын билдирди Лондон Газадагы аракеттери үчүн Израил менен соода сүйлөшүүлөрүн убактылуу токтотту Орусия: мигранттарды жүргөн жери жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынды Кадамжайда көмүр шахтасында бир адам газга ууланып мерт болду "Манас" аба майданынын FRU деген коду август айынан тартып BSZ болуп өзгөрөтЧачыранды алтынга байланыштуу 96 лицензия берилген, 10 фирма иштеп жатат Журналист Абдувахаб Мониевге арналган эскерүү китеби жарык көрдү  УКМК: Бангладештин жараны Кыргызстандын жасалма визасын даярдоого шек саналып кармалды