ЖК: Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрин ИИМге берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды

Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште 21-майда Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрин прокуратурадан ИИМге өткөрүү тууралуу мыйзам долбоору дароо үч окууда добуш берүүгө коюлуп, колдоо тапты.

Президент Садыр Жапаров 16-майда “Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү маселелери жөнүндө” жарлыкка кол коюп, бул бул система Башкы прокуратурадан Ички иштер министрлигине өткөн.

Министрлер кабинетине буга байланыштуу бир жуманын ичинде Жогорку Кеңешке тиешелүү укуктук актылардын долбоорун киргизүүнү тапшырган.

Жарлыкта мындай өзгөрүү “мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу максатында” жасалганы белгиленген.

Өлкөдө Кылмыштардын жана тартип бузуулардын бирдиктүү реестри 2018-жылдан тарта киргизилген жана аны көзөмөлдөө Башкы прокуратурага берилген.

Ошол кездеги бийлик өкүлдөрү бул система тергөөчүлөр менен укук коргоо органдарына гана эмес, катардагы жарандарга да арыздын каралышы, тергөөнүн жүрүшү, сотто кабыл алынган чечим тууралуу маалыматтарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берерин айтышкан.

Дагы караңыз

ИИМ: Шаирбек Бопонов ички иштер органдарынан биротоло бошотулду Бастрыкин орус жарандыгын алган 20 миңдей мигрантты "тутуп алып" Украинада согушка салышканын билдирди Орусия: мигранттарды жүргөн жери жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынды Лондон Газадагы аракеттери үчүн Израил менен соода сүйлөшүүлөрүн убактылуу токтотту Кадамжайда көмүр шахтасында бир адам газга ууланып мерт болду "Манас" аба майданынын FRU деген коду август айынан тартып BSZ болуп өзгөрөтЧачыранды алтынга байланыштуу 96 лицензия берилген, 10 фирма иштеп жатат Журналист Абдувахаб Мониевге арналган эскерүү китеби жарык көрдү  УКМК: Бангладештин жараны Кыргызстандын жасалма визасын даярдоого шек саналып кармалды