ДСУ пандемияга каршы күрөш тууралуу тарыхый макулдашуу кабыл алды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 20-майда пандемия маалында көрүлүүчү аракеттер тууралуу макулдашуу кабыл алды. Документ тууралуу COVID-19 пандемиясынан улам башталган сүйлөшүү үч жылга созулган.

Натыйжада макулдашууну дүйнөнүн 124 өлкөсү колдоду, ал эми Орусия, Италия, Словакия, Польша, Израил жана Иран баштаган 11 өлкө добуш берүүдөн карманды.

Документ Женевадагы Саламаттык сактоонун дүйнөлүк ассамблеясынын 78-сессиясында кабыл алынды. Анда дары-дармекти, вакциналарды, медициналык каражаттарды иштеп чыгуу маселелери каралган.

ДСУнун башкы директору Тедрос Адхан Гебрейесус дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлери муну менен акыйкаттуулук принцибин бекемдеп, өз өлкөсүн жана дүйнөлүк коомчулукту пандемикалык потенциалы бар вирустардын жана патогендердин жайылышынан коргоого салым кошконун" айтты.

AFP агенттиги талкуу курч мүнөздө өткөнүн, анын жүрүшүндө бай мамлекеттер менен өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер жаралганын жазды. Анда негизинен коронавирус пандемиясы маалында вакцина менен камсыз кылууда акыйкатсыздык жагдайлар орун алганы айтылганын белгиледи.

Макулдашуу кеминде 60 мамлекеттен ратификациядан өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Дагы караңыз

ЖК: Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрин ИИМге берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды ИИМ: Шаирбек Бопонов ички иштер органдарынан биротоло бошотулду Бастрыкин орус жарандыгын алган 20 миңдей мигрантты "тутуп алып" Украинада согушка салышканын билдирди Лондон Газадагы аракеттери үчүн Израил менен соода сүйлөшүүлөрүн убактылуу токтотту Орусия: мигранттарды жүргөн жери жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынды Кадамжайда көмүр шахтасында бир адам газга ууланып мерт болду "Манас" аба майданынын FRU деген коду август айынан тартып BSZ болуп өзгөрөтЧачыранды алтынга байланыштуу 96 лицензия берилген, 10 фирма иштеп жатат Журналист Абдувахаб Мониевге арналган эскерүү китеби жарык көрдү  УКМК: Бангладештин жараны Кыргызстандын жасалма визасын даярдоого шек саналып кармалды