ЖК: мамлекеттик ипотека үчүн мугалимдерге, дарыгерлерге өзүнчө тизме түзүү маселеси көтөрүлдү

Скрябин көчөсүндө курулган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жети турак жайы. Бишкек.

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйынында депутат Элдар Абакиров Мамлекеттик ипотекалык компанияда (МИК) мугалимдер жана дарыгерлер үчүн өзүнчө тизме түзүлүшү керектигин билдирди. Ал 50% дароо төлөп ипотекадан батир алып жаткандардын айынан бул кызматкерлерге кезек тийбей, батир алууда кыйналып жатышканын айтып, президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

"Өткөндө мен Мамлекеттик ипотекалык компанияга мугалимдер жана дарыгерлер үчүн өзүнө кезек кароо маселесин койдум эле. Бирок МИК мага "бул биздин саясатка туура келбейт" деп жооп берди. Кечээ бизге, ЖКга бир мугалим келди, ал эженин беш баласы бар экен, жалгыз бой экен, балдарын өзү багат экен. Өзү 20 жылдан бери мугалим экен. Батири жок, ижарада жашап жаткан батиринен кечээ кубалап чыгышыптыр. Бизге келиптир, ЖКнын алдында туруптур. Ипотекага кезекке эки жыл мурун туруптур. Бирок батирлерди 50% алдын ала төлөгөндөр алып кетип жатат дейт. Ипотекага президент дагы чоң көңүл бөлүп, чоң акча бөлдү. Араб фондунан каражат алдык. МИКтин бирден бир саясаты мугалимдерди, дарыгерлерди, Кыргызстандын пайдубалын түзгөн негизги кесиптердин ээлерин үй менен камсыздоо болушу керек",-деди Абакиров.

Бул маселе тууралуу МИК, президенттин администрациясы азырынча комментарий бере элек.

Президент Садыр Жапаров өткөн айда МИК курган батирлерди кезекке туруп алуу жеңилдегенин билдирген. Мамлекеттик иште иштегендерге 4%, ал эми жеке жактарга 8% чейин төмөндөгөнүн, алдын ала төлөмү жок 25 жылга бериле баштаганын айткан.

Жапаров 11-апрелде Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектине тургузулган ипотекалык батирлерди ээлерине тапшыруу учурунда сүйлөгөн сөзүндө буга чейин бир эле вариант - 14% насыя менен, алдын ала батир акчасынын 30% төлөп, калганын он жылда төлөө шарты болгонун белгилеген. Ошондой эле батир акысын алдын ала 50% төлөп алган жарандар МИК аркылуу бир жолу гана үйлүү боло алышарын эскерткен.

Учурда “Менин үйүм” программасынын алкагында Кыргызстандын бардык аймактарында мамлекеттик ипотека аркылуу көп батирлүү турак жайлар курулуп жатканы айтылган. Ага ылайык, жалпысынан 60 миңден ашуун батир салынмакчы.

Дагы караңыз

ДСУ пандемияга каршы күрөш тууралуу тарыхый макулдашуу кабыл алды ЖК: Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрин ИИМге берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды ИИМ: Шаирбек Бопонов ички иштер органдарынан биротоло бошотулду Бастрыкин орус жарандыгын алган 20 миңдей мигрантты "тутуп алып" Украинада согушка салышканын билдирди Лондон Газадагы аракеттери үчүн Израил менен соода сүйлөшүүлөрүн убактылуу токтотту Орусия: мигранттарды жүргөн жери жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынды Кадамжайда көмүр шахтасында бир адам газга ууланып мерт болду "Манас" аба майданынын FRU деген коду август айынан тартып BSZ болуп өзгөрөтЧачыранды алтынга байланыштуу 96 лицензия берилген, 10 фирма иштеп жатат Журналист Абдувахаб Мониевге арналган эскерүү китеби жарык көрдү