Европа Биримдиги Сирияга салган экономикалык санкцияларын алат

Европа Биримдигинин желеги.

Европа Биримдиги Сирияга салган экономикалык санкцияларды алат. Бул тууралуу шаркеттин тышкы саясат боюнча комиссары Кая Каллас Х социалдык тармагындагы баракчасына жазды.

"Биз сирия элине жаңы, инклюзивдик жана бейкут Сирияны куруусуна жардам бергибиз келет. Евробиримдик сириялыктарды соңку 14 жылдан бери такай колдоп келген жана мындан ары дагы улантат",-деп жазды Каллас.

Reuters агенттиги ириде бул чечим Сириянын Борбордук банкына тишелүү болорун кабарлады. Ага ылайык, ЕБ бул уюмга мүчө мамлекеттерге Сириянын Коргоо жана Ички иштер министрликтеринин өлкөнү калыбына келтирүү иштерин каржылоого уруксат берет.

Ушул айдын ортосунда АКШнын президенти Дональд Трамп Эр-Риядда Сириянын утурумдук жетекчиси Ахмед аш-Шараа менен жолуккан. Анын алдында америкалык лидер Сирияга салынган санкциялар алынарын жарыялаган.

Сирияны 25 жылдай башкарып, былтыр декабрда бийликтен кулатылган Башар Асаддын диктатордук режими тушунда Вашингтон, Еврошаркет Дамаскиге каршы катаал санкцияларды киргизген. Жыйынтыгында өлкө глобалдык финансылык системадан кесилип калган, чет өлкөлөрдөн инвестиция салынбай, соода үзгүлтүккө учураган. Бул, өз кезегинде, 13 жылга созулган жарандык согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерине тоскоолдук жаратып жаткан.

Асаддын бийлигин кулаткан "Хайат Тахрир аш-Шам" радикал уюмунун лидери Ахмед аш-Шараа ушул жылдын башында убактылуу президент болуп дайындалган. Ал бийликке келгенден бери эл аралык санкцияларды алууга чакырып келатат.

Дагы караңыз

ДСУ пандемияга каршы күрөш тууралуу тарыхый макулдашуу кабыл алды ЖК: Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрин ИИМге берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды ИИМ: Шаирбек Бопонов ички иштер органдарынан биротоло бошотулду ЖК: мамлекеттик ипотека үчүн мугалимдерге, дарыгерлерге өзүнчө тизме түзүү маселеси көтөрүлдүБастрыкин орус жарандыгын алган 20 миңдей мигрантты "тутуп алып" Украинада согушка салышканын билдирди Лондон Газадагы аракеттери үчүн Израил менен соода сүйлөшүүлөрүн убактылуу токтотту Орусия: мигранттарды жүргөн жери жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынды Кадамжайда көмүр шахтасында бир адам газга ууланып мерт болду "Манас" аба майданынын FRU деген коду август айынан тартып BSZ болуп өзгөрөтЧачыранды алтынга байланыштуу 96 лицензия берилген, 10 фирма иштеп жатат Журналист Абдувахаб Мониевге арналган эскерүү китеби жарык көрдү