ӨКМ Балыкчынын кире беришиндеги куураган көчөттөр жөнүндө түшүндүрмө берди

ӨКМ "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында көрктөндүрүү иштерине кол кабыш кылып жатканын маалымдап келет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек-Балыкчы жолунун боюнда жаңы отургузулган көчөттөрдүн куурап, саргайып кеткени тууралуу түшүндүрмө берди.

Мекеме президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен башталган "Жашыл мурас" программасынын алкагында жалпы 2 миң гектардан ашык жерди жашылдандырууну пландаштырганын, былтыр декабрда Балыкчы шаарынын кире беришине 500 көчөт айдалганын маалымдады. Аларды карап өстүрүү, көзөмөлдөө жергиликтүү бийликке берилгенин белгиледи. Ошол эле маалда куурап калган көчөттөр башка тал-терекке алмаштырылып жатканын кошумчалады.

"Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен Токой кызматы өз эсебинен уруктарды өндүрүп, эгип, жергиликтүү бийликтин балансындагы такыр жерлерди жашылдандырууга жардам көрсөтүү өнөктүгүн улантып жатат. 2024-жылдын декабрь айында Балыкчынын кире беришине 500 даана карагай көчөтү отургузулган. Бул жер тилкеси шаардык мэрияга караштуу болгондуктан мындан аркы сугаруу, өстүрүү иши жергиликтүү бийликтин көзөмөлүнө калтырылган. Ошого карабай бүгүнкү күндө айрым соолуп калган карагайларды Балыкчы токой чарбасы терек, жийде көчөттөрүнө алмаштырууда",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында социалдык тармактарда Улуттук илимдер академиясынын кызматкери, эколог Адилет Усупбаевдин бул көчөттөр тууралуу видеосу жарыяланган. Анда ал жаңы эгилген, саргайып калган көчөттөрдү көрсөтүп, аларды тигүүдө илимпоз-окумуштуулардын пикири эске алынбай, ошол жердин шартына ылайык эмес бак-дарактар тигилип жатканын айткан.

Кыргызстанда жыл сайын дээрлик бардык аймактарда көчөт отургузуу өнөктүгү жүрөт. Бирок тигилген көчөттөрдүн бир бөлүгү жыл айланбай куурап калган учурлар арбын катталат.

Былтыр "Жашыл мурас" долбоорунун алкагында 8,141 млн даана көчөт тигилген жана анын 67% гана көктөгөн.

Дагы караңыз

ДСУ пандемияга каршы күрөш тууралуу тарыхый макулдашуу кабыл алды ЖК: Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрин ИИМге берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды ИИМ: Шаирбек Бопонов ички иштер органдарынан биротоло бошотулду ЖК: мамлекеттик ипотека үчүн мугалимдерге, дарыгерлерге өзүнчө тизме түзүү маселеси көтөрүлдүБастрыкин орус жарандыгын алган 20 миңдей мигрантты "тутуп алып" Украинада согушка салышканын билдирди Лондон Газадагы аракеттери үчүн Израил менен соода сүйлөшүүлөрүн убактылуу токтотту Орусия: мигранттарды жүргөн жери жөнүндө маалымат берүүгө милдеттендирген мыйзам кабыл алынды