Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти жоюлду

Бишкек шаарынын мэриясы.

Бишкек шаардык мэриясына караштуу Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти жоюлду. Мэриянын басма сөз кызматы мындай чечим башкаруу системасын "түп-тамырынан" бери реформалоо аракеттеринен улам жасалганын билдирди. Бул департаменттин функциялары мэриянын борбордук аппаратына өткөрүлгөнүн кабарлады.

"Бишкек шаарынын мэринин демилгеси менен муниципалдык башкаруу системасын түп-тамырынан бери реформалоо башталды. Ал коррупциялык схемаларды толугу менен жоюуга жана шаардык активдер менен иштөөнүн принципиалдуу жаңы системасын түзүүгө багытталган. Өзгөртүүлөрдүн алкагында кадр саясаты толугу менен кайра каралып чыгат. Мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү бардык негизги кызмат орундары жаңы адистер менен алмаштырылат, башкаруучулардын командасы түзүлөт,-деп жазылган маалыматта.

Буга чейин муниципалдык менчикти ижарага берүүдө коррупциялык көрүнүштөр, натыйжасыз башкарууга байланыштуу байма-бай доомат-сын айтылып келген.

Март айында кыргыз өкмөтү алты айдын ичинде мамлекеттик башкаруyну кескин реформалап, бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекеме-уюмдарды жоюу, бюрократия менен ашыкча чыгымдарды азайтуу планын жарыялаган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жетектеген мекеме аралык комиссия 26-мартта алгачкы жыйынга чогулган жана анда 40тан ашык чечимдин долбоору каралганы айтылган.

Дагы караңыз

Атайын кызмат 10-июндан тартып мыйзамсыз мигранттарга рейд башталарын билдирди ӨКМ Балыкчынын кире беришиндеги куураган көчөттөр жөнүндө түшүндүрмө берди Сот Канышай Мамыркулованын тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы узартты Европа Биримдиги Сирияга салган экономикалык санкцияларын алат ДСУ пандемияга каршы күрөш тууралуу тарыхый макулдашуу кабыл алды ЖК: Кылмыштарды каттоонун бирдиктүү реестрин ИИМге берүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды ИИМ: Шаирбек Бопонов ички иштер органдарынан биротоло бошотулду ЖК: мамлекеттик ипотека үчүн мугалимдерге, дарыгерлерге өзүнчө тизме түзүү маселеси көтөрүлдүБастрыкин орус жарандыгын алган 20 миңдей мигрантты "тутуп алып" Украинада согушка салышканын билдирди Лондон Газадагы аракеттери үчүн Израил менен соода сүйлөшүүлөрүн убактылуу токтотту