Румыния: Конституциялык сот Никушор Дандын президенттик шайлоодогу жеңишин тааныды

Румынияда президенттик шайлоону жеңген Никушор Дан. 22-май, 2025-жыл.

22-майда Румыниянын Конституциялык соту президенттик шайлоодо Никушор Дандын жеңишин тааныды. Ал 26-майда кызматка расмий киришүү үчүн ант берет.

"Тарыхтын жаңы барагы ачылып жатат. Румын элинин мага берген мандаты үчүн жоопкерчиликти түшүнөм деп ишендиргим келет", - деди Дан.

Румынияда 18-майдагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Бухаресттин либерал мэри Никушор Дан жеңген. Ал саясий атаандашы, ашынган оңчул “Румындардын биримдиги үчүн альянс” (AUR) партиясынын лидери, улутчул саясатчы Жорже Симиондон көп добуш алды.

Өлкөнүн туруктуу шайлоо комиссиясы Данды шайлоочулардын 53,6%, ал эми Симионду 46,4% колдогонун билдирди.

Никушор - Украинага жардам берүүнү жана Румыниянын Европа Биримдигине терең интеграциясын колдогон саясатчы.

Президенттик шайлоонун биринчи айлампасы 4-майда өткөн. Анда Симон 40,5% добуш алып алдыга чыккан. Данды шайлоочулардын 21% колдогон болчу. (AiA)

Дагы караңыз

Орусиянын чабуулунан Херсондо бир киши набыт болду, 10дон ашык адам жаракат алдыӨзбекстан грин-карта лотереясын жеңгендердин саны боюнча сап башына чыктыЧукул кабар: тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн