Вашингтон: Жөөт музейинин жанындагы үрөй учурган кылмыш

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

21-майдын кечинде Вашингтондогу Жөөт музейинин жанында Израилдин элчилигинин эки кызматкерин атып кетишти. Орусиянын чабуулунан Херсондо бир киши набыт болуп, 10дон ашык адам жаракат алды. Мамлекеттик Дума мигранттардын геолокациясы тууралуу полицияга такай маалымат берип турууга милдеттендирген мыйзамды жактырды.