Быйылкы жылдын январь-март айларында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси 160,6 млрд сомго жетип, былтыркы ушул мезгилге караганда 80% көп болду. Анын 59% салыктык киреше, 40% салыктык эмес киреше түзөт. Бюджеттин 1% эл аралык уюмдардан жана чет өлкөлөрдүн өкмөттөрүнөн алынган трансферттердин эсебинен толукталган. Мындай маалымат Улуттук статистика комитетинин 2025-жылдын биринчи чейреги боюнча баяндамасында жазылган.
Ал эми мамлекеттин бюджеттин 2025-жылдын биринчи чейрегиндеги чыгымы былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 35% көп болду. Былтыр январь-март айларында жалпы чыгымдын суммасы 80 млрд сомдой болсо, быйыл 107 млрд сомдон ашты.
Экономиканын айрым тармактарына (айыл чарба, отун-энергетика, тоо-кен, транспорт, байланыш тармактарынан тышкары) бөлүнгөн каражаттын көлөмүндө эң көп өсүш болуп, төрт эседен ашты. Андан кийин мамлекеттик башкарууга коротулган чыгымдагы өсүш 32%, коргонуу жана коопсуздук тармагына 24% жетти. Саламаттык сактоого бөлүнгөн чыгым 8%, билим берүү менен социалдык коргоодо 6% өскөн.