Чүй милициясы окуучулардын жапырт мушташы тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берди

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Сокулук районундагы окуучулардын мушташы тууралуу маалыматтарга түшүндүрмө берди.

Анда мындай бир гана факт катталганын белгилеп, Новопавловка жана Военно-Антоновкада дагы жапырт мушташтар уланганы тууралуу билдирүүлөрдү жокко чыгарды.

"Буга чейин окуучулар арасында бир жолу мушташ болгону маалымдалган. Уюшуп алып кол салуу, же жаштар арасында "трендге" айланган көрүнүштөр катталган жок. Жарандарды жалган маалымат таратпоого, элди дүрбөтпөөгө чакырабыз. Жалган маалымат тараткандарга мыйзамда жаза, анын ичинде кылмыш жазасы каралган. Чүй милициясы кырдаалды көзөмөлдөп, тартип коргоого керектүү болгон чараларды көрүп жатат",-деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Сокулуктагы окуучулардын жапырт мушташына байланыштуу милиция профилактикалык иш-чараларды, жолугушууларды өткөргөнүн билдирген. Анда 24-майда кечки саат 9дар чамасында өз ара пикир келишпестиктен улам Новопавловка менен Кожомкул айылдарындагы өспүрүмдөр ортосунда мушташ болгону айтылган.

Ага чейин социалдык тармактарда жапырт мушташ тартылган видеолор тараган.

Дагы караңыз

Трамп ЕБден келген товарларга 50% тариф киргизүү планын июлга жылдырды Израил Хан-Юнисте тогуз баланын өмүрүн алган чабуулду иликтеп жатканын билдирди