Сауд Арабия 2026-жылы чектелген көлөмдө алкогол ичимдиктерин сатууга жана ичүүгө уруксат берет. Индиялык The Economic Times басылмасы жазганы боюнча мындай чара EXPO 2030 Дүйнөлүк көргөзмөгө жана футбол боюнча 2034-жылкы дүйнө чемпионатына даярдык иретинде кабыл алынды.
Алкоголду сатууга падышалыктын белгилүү бир райондорунда, бардыгы болуп 600 жерде уруксат берилет. Негизинен кеп мейманкана, курорт жана туристтик жайлар тууралуу жүрүүдө. Ичимдиктер – шарап, пиво жана сидр атайын лицензиясы, даярдыктан өткөн кызматкерлери бар дүкөндөрдө сатылмакчы.
Ал эми арак өңдүү спирт ичимдиктерине мурдагыдай эле тыюу салынат.
Маалыматка караганда, бул жааттагы саясаттын өзгөрүшү экономиканы өнүктүрүү, асыресе туризмди кеңейтүү боюнча программанын алкагында жүрүүдө. Бийлик өзгөрүүлөр жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана чет элдик инвестицияларды тартууга үмүттөнөт.
Спирт ичимдиктерине падышалыкта 1952-жылы тыюу салынган.