Пробация жана 50 миң сом айыппул. Жоомарт Карабаевге өкүм чыкты

Жоомарт Карабаев. 2025-жылдын 27-майы.

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери, кылмыш иштери боюнча экспертиза жүргүзүүдө күч органдары кийлигишерин айтып чыккан Жоомарт Карабаевди сот күнөөлүү деп тапты.

27-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жоомарт Карабаевге козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыкты. Сот аны тагылган айыптар боюнча күнөөлүү деп таап, үч жылдык пробациялык жаза мөөнөтүн чегерди.

Пробациялык жаза алгандар эркиндигинен ажыратылбайт, алар Юстиция министрлигинин Пробация департаментинин көзөмөлүндө болот. Бир айда бир жолу барып каттоодон өтүп турууга милдеттендирилет. Ал Кыргызстандын аймагынан сыртка чыга албайт.

Ошондой эле ага 50 миң сом айыппул салынды.

Прокуратура аны жети жылга эркинен ажыратууну суранган. Бирок бүгүн ишти караган судья Нурдин Ибраимов Карабаев эки берене боюнча тең күнөөлүү деп табылганын айтып, беш жылдык жаза мөөнөтү берилерин билдирди, бирок анын мурда соттолбогонун эске алуу менен үч жылдык пробация чегерди.

Карабаев процесстин алдында "Азаттыкка" учкай комментарий берип жатып иш жетиштүү тергелбегенин, прокурорлор бир канча жолу алмашканын айтып, күнөөсүн мойнуна албай турганын дагы кайталаган.

Соттун чечими угузулгандан кийин ал Фейсбуктагы баракчасына пикирин жазып, актоо өкүмүн күткөнүн билдирди.

"Азаттыктын" соттун отурумунан кийинки суроосуна жооп берип жатып ал:

"Мен актоо чечимин күткөм. Бирок, тилекке каршы, актаган жок. Эки беренеде тең күнөөлүү деп тапты. Албетте, муну биз мыйзамсыз деп эсептейбиз жана кийинки инстанциядагы сотторго даттанууга беребиз. Жума сайын көзөмөлдөн өтүп турушум керек экен пробация бөлүмүнөн. Мен окуумдан 1-июлга чейин академиялык өргүү алгам, ал жакында аяктайт. Эгер мен күнөөлүү деп табылсам аспирантурадагы окуумду улантуунун кереги барбы же жокпу деген суроо туулуп жатат", - деп айтты.

Карабаевдин адвокаты Акынбек Ногоев апелляциялык арыз берилерин кошумчалады:

Жоомарт Карабаев жана адвокаты Акынбек Ногоев

"Биз буга эч кандай макул эмеспиз. Себеби бул өкүм мыйзамсыз, негизсиз деп эсептейбиз. Анткени бул жерде иштин жагдайына караганда айыптоо тарабынан сотто эч кандай далил берилген жок. Тергөө учурунда берилген далилдердин баарын биз четке кактык. Биз өзүнчө көз каранды эмес да экспертиза өткөзгөнбүз, анын корутундусунда Жоомарт Карабаевдин жазгандарында бир дагы башаламандыкка чакырык же бийликти күч менен басып алуу тууралуу эч кандай чакырык жок делген. Экинчиден, тергөө учурундагы экспертизалар бири-бирине карама-каршы келет".

Тагылган айып жана соттук териштирүү

Жоомарт Карабаев 2024-жылы 3-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылгандан кийин камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин "Массалык башаламандыктар" жана "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык" деген беренелери менен айып коюлган.

Төрт айдан кийин, 31-октябрда Биринчи май райондук соту Карабаевди эч жакка чыкпоо тууралуу тилкат менен бошоткон. Буга анын апасы сыркоолоп, ооруканада жатканы, каралаша турган киши керектиги тууралуу жүйө негиз болгон.

Адвокаттардын айтымында, Карабаевдин кармалышына анын социалдык түйүндөргө жазгандары себеп болгон. Ал Улуттук илимдер академиясынын адистери жапырт башаламандыкка жана бийликти басып алууга үгүт тууралуу кылмыш иштери боюнча политологиялык экспертиза жүргүзгөндө корутундусун УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Ошондой эле ал экспертизаны тиешелүү сертификаты жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.

Карабаевге тагылган айыптар боюнча соттук териштирүү бир топ убакыт токтоп турду. Буга чейин өкүм 4-апрелде чыга турганы күтүлүп жаткан. Бирок ишти караган судья Жумгал районуна которулганына байланыштуу процесс токтотулуп турганын Карабаевдин адвокаттарынын бири Акмат Алагушев билдирген.

Дагы караңыз "Кызматтан алгыла же камайбыз дешти". Жоомарт Карабаев боюнча тараган аудио

Камалганга чейин Улуттук илимдер академиясынын Мамлекеттик башкаруу жана укук институтунда илимий кызматкер болуп алты ай эмгектенген адис 2023-жылы кызматтан мыйзамсыз кетирилгенин айтып келет.

"Мыйзамсыз ишти ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым" деп билдирген Карабаев Фейсбукта бийликтин айрым кадамдарын сындаган постторду да жазып жүргөн.

Ал эми Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги Карабаевдин айткандарын толук четке кагып, ага каршы козголгон кылмыш ишине мекеменин тиешеси жок экенин билдирген.

Бишкектеги тергөө абагында камакта отурган кезинде Карабаев атайын кызматтын кысымына кабылып жатканын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылган. 18-сентябрда анын абактан жазган катын укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбукка жарыялаган. Катында ал мамлекет башчыдан мыйзамсыз козголгон кылмыш ишинин тергелишин өз көзөмөлүнө алууну суранган.

Дагы караңыз А.Абдирасулова: Мага карата каралоо, куугунтук иликтениши керек

УКМК катка байланыштуу комментарий берген эмес. Ал эми президенттик администрация "Иш сотко кетиптир. Ушундай учурда соттун ишмердүүлүгүнө кийлигишүүсүнө мыйзам тыюу салат. Комментарий да бербешибиз керек, себеби кандай гана комментарий болбосун сотко басым деп бааланат" деп жооп кайтарган.

Интернетке тараган аудио тасма

Быйыл апрелде социалдык түйүндөргө Жоомарт Карабаев менен Илимдер академиянын Мамлекеттик башкаруу жана укук институтунун бөлүм башчысы Айнуру Алтыбаеванын сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Аудиону укук коргоочу Азиза Абдирасулова 7-апрелде Фейсбук баракчасына жарыялаган.

Абдирасулова бул постуна "Уккула! Кантип Айнуру Алтыбаева Жоомарт Карабаевди подстава кылып жатканын" деп жазган. Анда “атайын кызматтын кызматкерлери Карабаев боюнча талап койгону” тууралуу аял киши бирөөгө айтып берип жатканын угууга болот.

Аудио 2023-жылы Улуттук илимдер академиясында иштеп жүргөндө жазылганын Карабаев өзү да тастыктап, бул боюнча өзүнчө соттук териштирүү уланып жатканын билдирген:

“Бул жерде тана турган эч нерсе жок. Ал Айнуру Алтыбаевага таандык. Тана турган болсо муну экспертизага берсе да чыгат. Ал жерде баары толук өзүнүн айткандары. “УКМКдан буйрук келди, сен жумуштан кет” деген жана башка сөздөрү да бар”, - деди Жоомарт Карабаев "Азаттыкка".

Абдирасулованын сөз болуп жаткан постуна Айнуру Алтыбаева да комментарий калтырган. Ал "Өзүңөрдүн жалган айыптоону, ойдон чыгарылганды жана калпты сотто далилдешиңер керек болот!" деп жазган.

Айнуру Алтыбаева

"Азаттыктын" бул окуя тууралуу суроолоруна жооп берип жатып Алтыбаева Абдирасулованын сөзүн жалаа жабуу деп мүнөздөп, сотко кайрыла турганын билдирген. Карабаевге кылмыш ишинин козголушуна жана камакка алынышына тиешеси жок экенин белгилеген Алтыбаева аны менен жумушуна байланыштуу гана сүйлөшкөнүн айтып, атайын кызматтан нааразылык болгонун четке каккан эмес:

“Мен кызматка дайындалгандан кийин УКМКнын кызматкерлери келди. "Биздин кызматтык документтерди Фейсбукка жарыялап койду" дешти. Мен жаңы келгем, билбейм да. "Макул, териштирели, комиссия түзөлү, ал эмнени, кантип жарыялап салганын, буга тартип жазасы берилеби же сөгүш жарыяланабы, комиссия чечсин" дедик. Комиссия түзүлгөндөн кийин бул жигит жумушка келбей коёт. Аны менен бөлүмдө чогуу иштеген балдар жумушка келбей жатканы боюнча акт түзүп коюшат. Комиссия ошонун негизинде Эмгек кодекси боюнча аны жумуштан четтетүү чечимин чыгарат.”

Карабаев иштен алынуусуна байланыштуу институттун үстүнөн сотко арызданып, үч инстанцияда тең жеңилип калган. Ал жумуштан кетишин “экспертизанын жыйынтыгын чыгарууда күч органдарынын буйругуна баш ийбегени” менен байланыштырып келет.

"Өзү аябай чынчыл"

28 жаштагы Карабаев мектепти Бишкектен бүтүп, 2018-жылы Ишеналы Арабаев атындагы университтин Эл аралык байланыштар бөлүмүн аяктаган.

Андан соң Дипломатиялык академияга магистратурага тапшырган. Ал эки окуу жайды артыкчылык диплому менен аяктаганын жакындары айтышат.

Дагы караңыз "Тергөөчү түбүңө жетем деп коркутууда". Абактагы Жоомарт Карабаев бийликке кайрылды

Апасы Дамира Карабаева уулу дайыма чындыкты сүйгөнүн, илимий кызматкер болууну самап жүргөнүн "Азаттыкка" айтып берген.

“Эки окууну тең кызыл диплом менен бүтүрдү. Арабаевде окуп жүрүп Аскер кафедрасын дагы аяктады. Окууну аяктагандан кийин мага жардам берип ар кандай жумуштарда иштеди. Анан Улуттук илимдер академиясына кирген. Өзү аябай чынчыл. Чындыкты сүйлөп койгондуктан жумушунан берене менен бошотту", - деген апасы.

Укук коргоочулардын сыны, бийликтин жообу

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары, активисттер Кыргызстанда сөз эркиндиги басмырланып, бийлик өз пикирин ачык айткан, кемчиликтерди сындаган жарандарын түрдүү шылтоо менен камап, коркутуп, чектеп жатканын белгилеп келишет.

Мисалы, Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) уюму Кыргызстан авторитардык өлкөгө айланып баратканын айтып, бийликти демократия талаптарын сыйлоого чакырган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө адам укугу, сөз эркиндиги толук корголорун такай белгилейт.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда авторитардык башкарууга жол бербей турганын былтыр 31-августта Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасында айткан жана сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана күчтүү экономика эгемендиктин өзөгүн түзө турганын белгилеген.

“Азыр деле “Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат” деген баш адаштырган азгырма жол менен кетүүнү таӊуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө коопсуздукка суроо-талап болушунча өсүп жатканына күбө болуп келебиз. Азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына адекваттуу башкаруу системасы гана тийиштүү деңгээлде жооп бере алат деп баса белгилеп айтар элем”, - деген президент.