Орусиянын хоккей боюнча улуттук командасына Олимпиадага катышуу укугу берилген жок

Пхенчханг, 25-февраль, 2018-жыл

Орусиянын хоккей жана башка кышкы түрлөр боюнча улуттук командаларына эмки жылкы Олимпиадага катышуу укугу берилген жок. Бул тууралуу шейшембиде Эл аралык Олимпиада комитети билдирди. Мындай чара Украинадагы согушка байланыштуу салынган санкциялардын алкагында көрүлгөн.

Буга чейин Орусиянын хоккей федерациясынын расмий өкүлдөрү Италиядагы оюндарга катышуу маселесин Эл аралык хоккей федерациясы менен талкуулаганы кабарланган.

“Эл аралык Олимпиада комитетинин аткаруучу кеңешинин орус паспорту бар атлеттер командаларына тиешелүү 2023-жылдын мартында чыккан чечими күчүндө калууда”, - деп айтылат билдирүүдө.

Андан ары чечмеленгендей, нейтралдуу статустагы спортчулардын тобу команда болуп эсептелбейт. Комитет Эл аралык хоккей федерациясы жогорудагы кеңешти эске аларын билдиргенин кошумчалады.

Эмки жылдын февралында Милан жана Кортина д`Ампеццодо өтө турган жарыштарга Орусия жана Беларустан саналуу сандагы спортчуларга катышуу уруксаты берилген.

Алар мелдештерге улуттук желектерисиз жана символикасыз чыгып, жеңсе, улуттук гимн ойнолбойт.

Беларус Орусия Украинага кол салганда өз аймагын плацдарм катары пайдаланууга уруксет берген деп айыпталууда.

Орусиянын хоккей боюнча командасы 2018-жылы алтын, 4 жылдан кийин күмүш медаль жеңген.

Ошондо алар Эл аралык Олимпиада комитетинин желеги астында катышкан.

Эл аралык Олимпиада комитети 2023-жылдын октябрында оккупацияланган Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожьенин аймактык Олимпиада кеңештерин тааныганы жана өз курамына киргизгени үчүн Орусиянын Олимпиада комитетин четтеткен.

Сөз болгон спорттук уюмдар Украинанын Олимпиада комитетинин карамагында жайгашкан.

Эл аралык комитет мындай аннексия Олимпиада хартиясын бузуу болуп эсептелерин белгиледи.

Дагы караңыз

Ош: "Келечек" базарынын көчүрүлүшүнө нааразы соодагерлер мэр менен жолуктуКыргыз-өзбек чек арасы: Ташиев Чечме булагы Кыргызстанга өткөнүн билдирди Путин Zoom жана Microsoft өңдүү IT сервистерди "муунтууга" чакырды