"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-оператору. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телекоммуникация факультетинин 5-курсунун студенти.
Ирактан 79 бала Кыргызстанга кайтарылды. Кыргызстанда коронавирус жугузгандар көбөйдү. Армениянын туңгуч президенти Левон Тер-Петросян премьер-министр Никол Пашинянды токтоосуз кызматтан кетүүгө чакырды.
Бишкекте туш кийиз философиясына арналган көргөзмө өтүп жатат. Анда кыргыз аялдары сайган туш кийиздин кыз-келиндердин тагдырындагы орду жана мааниси камтылган. Көргөзмөнүн башкы максаты - эне менен кыздын мамилесин чыңдоо, аялдарды зомбулуктан сактоо.
Тажикстанда кармалган 12 кыргызстандык мекенине кайтарылды. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ошто шайлоо таза өтпөй турганын билдирди. Казакстандык дижей Иманбек Зейкенов дүйнөлүк Grammy сыйлыгына ээ болду.
- Орусияда үй өрттөнүп, кыргызстандык мигранттардын эки баласы чарчап калды. - Баткендеги аткезчиликке каршы операцияда коопсуздук комитетинин эки кызматкери жараат алды. -Дүйнөдө он миллиондогон киши ачарчылыктын запкысын тартууда.
Белгилүү кино жана театр актёру Абдыкалык Акматов калың элге бир нече образдарды жаратуу менен белгилүү болгон. А бирок көпчүлүк эл актёрдун көмүскөдөгү устачылык талантын анчейин биле бербейт. Максат Жангазиев актёрдун өнөрканасына баш багып, Абдыкалык Акматовду кепке тартты.
Кыргызстанда соңку айларда дээрлик бардык тармактарда кымбаттоо байкалды. Анын ичинде азык-түлүктүн, күйүүчү майдын жана башка товарлардын баасы кескин өстү. Расмий түрдө жалпы инфляция 9,7% делгени менен айрым товарлар 50%га чейин кымбаттап кетти.
Муфтияттагы каржылык иштерди иликтеген аудиторлордун айтымында, ажылыктын акчасынан 847 миң доллар кемип кеткени айтылды. Аталган сумма “Фарватер”, “Налоговый Представитель”, “Тали Эйр” жана мурдагы муфтий Максатбек Токтомушев менен байланыштуу жаранга берилип кеткен.
Бишкекте «Аялдардын тилектештик маршы» өттү. Активисттер парламент имаратынын алдына чогулуп, Уркуя Салиеванын эстелигине барышты.
Мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган милициянын полковниги Жалил Атамбаев үй камагына чыгарылды.
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде кезектеги сүрөт көргөзмө ачылды. Көргөзмө айкелчи Альбек Мухутдиновдун 85 жылдыгына, сүрөтчү Сабитжан Бакашевдин 80 жылдыгына жана сүрөтчү Мурат Бекжановдун 75 жылдыгына арналып, “Үч чебер, үч көз караш” деп аталат.
Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол ачылды.
Орусияда күйүүчү май кымбаттап, Казакстандан мунай экспорту токтогону үчүн Кыргызстанда бензиндин баасы көтөрүлдү. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиевге каршы УКМК териштирүү баштады. Депутаттын өзү муну"Азаттыкка" "куру доомат" деп баалады.
Президент Садыр Жапаровдун Орусиядагы эки күндүк сапары жыйынтыкталды. Москвада бир катар келишимдерге жетишилди. Жарандык активист балдарынын метрикасына "апасынын атын" жаздырууну талап кылып чыкты. Армениянын армиясы премьер-министрдин бийликтен кетүүсүн талап кылды.
Максатбек Токтомушев чыр менен кызматтан кеткен биринчи муфтий эмес. Буга чейин да мусулмандардын лидерлери ар кандай окуялардан улам алмашып келген. Кээ бир учурларда муфтияттын ишине мамлекеттик органдардын кийлигишкени айтылып келет. “Азаттык” Кыргызстандын муфтийлери кандай жол менен кызматын та
Москвада президент Садыр Жапаров Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолукту. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин тоо койнундагы жашыруун резиденциясын журналисттер таап чыкты. Максат ажы Токтомушев кечээ тараган видео боюнча кайрылуу менен чыгып, УКМКнын кызматкерлерин сынга алды.
Бажыда коррупциялык схема түзгөн Райымбек Матраимовдун киреше-мүлкү кайрадан суроо жаратып, убактылуу камалды. Ушул тапта сотто экс-бажычынын бөгөт чарасы каралганы турат.
Күчтүү президент, ага баш ийген министрлер кабинети жана саны да, салмагы да өзгөрүүгө учураган парламент. Конституциянын жаңы долбоору референдумда колдоо тапса, Кыргызстанда бийлик кандай бөлүштүрүлөт? "Азаттыктын" түшүндүрмө видеосун көрүңүз.
Кыргыз бажысынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 18-февралда кайра кармалды. Баткендиктер Камчыбек Ташиевди пикет уюштуруп, тосуп алышты. Атайын кызматтын башчысы чек ара маселелерине өзү жооптуу экенин айтып, Баткен облусуна өзгөчө макам ыйгаруу каралып жатканына токтолду.
5-апрелде Кыргызстандын жаңы муфтийи шайланат. Өзбекстан Сардаба суу сактагычын кайра курат. Бул тууралуу Ташкент жашыруун токтом кабыл алганы белгилүү болду. Сырдарыя облусундагы суу сактагыч былтыр жырылып кетип, алты киши каза болгон.
Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Өзбекстан менен чектеш жердеги Кош-Болот айылынын тургундары митингге чыкты. Жергиликтүү бийлик эки коңшу өлкө өз ара жер алмашканын билдирди.Дүйнөлүк Соода Уюмун Нгози Оконжо-Ивеала жетектейт.
Дагы жүктөңүз