"Азаттыктын" Бишкек бюросунун видео-оператору. Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин телекоммуникация факультетинин 5-курсунун студенти.
Кыргызстандын тарыхында президенттик шайлоонун жыйынтыгы эки айлампа менен аныкталган учур боло элек. Ушуга чейинки жети президенттик шайлоонун басымдуу бөлүгүндө бийликтеги же бийлик алдыга сүрөгөн талапкерлер жеңишке жеткен.
2020-жыл Кыргызстан үчүн экономикалык жактан эң оор жылдардын бири болду. Ансыз да өсүү темпи анча эмес өлкөнүн ички дүң өнүмү бул жылы кескин төмөндөдү. Тышкы соода түштү, инвестиция кыскарды, тескерисинче карыз өстү. Базарда кымбатчылык өкүм сүрүп турду, өзгөчө эттин наркы көтөрүлдү.
Бишкектеги базарларда жаңы жылга даярдык учурунда буюм-тайымдардын баалары кымбаттаганы дароо эле байкалат.
2020-жылы аялдардын абалы кубана тургандай болгон жок. Быйыл пандемияда үй-бүлө зомбулугу 65% өсүп, 20дан ашык аял зомбулуктан каза тапты. Өтүп бараткан жыл кандай окуялар менен коштолгонун Айгерим Акылбекова тизмектейт.
Башкы прокуратура Жогорку соттун төрайымы Калиева боюнча Тартип комиссиясына сунуштама берди. Буга чейин УКМК төрагасы Ташиев, эгер комиссия макулдугун берсе Калиева камалаарын айткан. Орус бийлиги оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга көз боёмочулук беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Таанымал куудулдар Рахман Разыков менен Абдылда Иманкулов ОшТВ телеканалы бийликти сындаган концерттин жарнамасын эфирге бербей жатканына даттанышты. Алардын жаңы тамашасы «Оңолмок элек биз качан, ордодо турса үч пахан» деп аталат.
Улуттук коопсуздук комитети менен Жогорку Соттун тиреши токтой элек. Шайлоодогу үгүткө ушул тапта 90 миллион сомдон ашык акча сарпталса, анын жарымы Садыр Жапаровдун штабынан кетти. Европа Биримдигинде коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды.
Бишкек шаардык соту Текебаевди депутаттык мандатынан ажыратуу чечимин чыгарды. Саясатчы муну "саясий чечим" дейт. Профсоюздар федерациясындагы ызы-чуу жамаатты экиге бөлдү. Федерацияда кош бийлик.
Бүгүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттердин көңүл чордонунда болду. Башкы чекист колго түшүрүлгөн депутат, Матраимов менен Жогорку соттун төрайымына козголгон кылмыш иштери, Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы тууралуу айтты.
Боршайком ээр-токумчан ат белекке алган талапкерлерлерге эскертүү берди. Ипотекалык насыя алган дарыгерлер жана мугалимдер өкмөт үйүнүн алдына нааразылыкка чыгып, үстөктү төрт пайызга түшүрүүнү талап кылышты.
Президенттикке талапкерлер шайлоо өнөктүгүнө канча акча сарптады? Коронавирустун жаңы түрү Европаны бушайман кылууда. Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Жаңы жыл алдында балаты базары кызыды.