Бишкектеги башаламандыкка 13-майда шаардагы хостелдердин биринде жергиликтүү тургундар менен чет элдиктердин мушташы себеп болгонун кыргыз бийлиги билдирди. Бишкек милициясы төрт күн бою мушташтын чоо-жайын териштире алган эмес. Жергиликтүүлөр күнөөлүүлөрдү өздөрү таап, жазалоону чечишкен.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентти камакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар адамдардан “тазалоо” иштери аяктаганын, бирок алар мамлекеттик кызматтарда дагы деле бар экенин билдирди.
Кыргызстан менен Малайзия кайсыл багыттар боюнча кызматташа алат? Куала-Лумпур Бишкек үчүн эмнеси менен баалуу?
Кыргызстандан Орусияга ташылган жеңил автоунаанын саны кескин кыскарды. Статистикалык маалыматтар бул жааттагы эсеп былтыркыдан 83% азайып кеткенин көрсөтүүдө. Буга орус бийлигинин автоунаа импортун кескин кымбаттаткан чечими себеп болгон.
Улуттук банк эсептик ченди 11% түшүрдү. Эсептик чен буга чейин 13% деңгээлинде кармалып келген. Кыргызстандын башкы банкы өлкөдө инфляциялык процесстер төмөндөп баратканын, жылдык инфляциянын көрсөткүчү 2024-жылдын апрель айында 5,2% болгонун билдирүүдө.
Өкмөт кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жана мурдагы бажычы, камактагы Райымбек Матраимовдун мамлекетке өткөн мүлкүн аукциондо сата баштады. Миллиондогон долларга бааланган бул мүлк кандай сатылат жана тартиби кандай болот?
Кыргызстанда алтын куймалары жөнүндө белгисиз бирөөлөр интернетке тасма жүктөгөндөн кийин аны журналист Болот Темиров иликтеп чыкты.
Кыргыз өкмөтү чет элдик эмгек күчүн тартуу боюнча 2024-жылдагы квотаны мурункудан 50% көбөйттү.
Сузактагы кырсыктан кийин Билим берүү министрлиги мектеп окуучулары тартылган массалык иш-чараларды токтотуу чечими кабыл алынганын билдирди.
Кыргызстанда мурдагы “Фрунзе”, азыркы “Азия” гипермаркеттер түйүнүнүн мурда-кийинки кожоюндары, бизнес-өнөктөштөр Болотмамбет Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун мүлк талашкан чыры күчөдү. Ортодо маселени элге алып чыгууга киришкен журналисттин да жоопкерчилик маселеси козголууда.
Бишкекте Америка Кошмо Штаттары менен Кыргызстандын алакасын өнүктүрүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтүүдө. Ага АКШнын Мамлекеттик департаментинин жооптуу жетекчилери келип катышууда. Бул сүйлөшүүлөр Кыргызстанда жарандык коомду чектеген мыйзамдар кабыл алынган учурга туш келди.
Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргызстанга иш сапары менен келди. Ал Бишкектеги брифингден кийин "Азаттыкка" маек курган учурда Кыргызстандын өнөктөштөрдү тандоо укугу болушу керек экенин билдирди.
Президент Садыр Жапаров 19-апрелде Казакстанда расмий сапары менен болду. Анын алкагында “Союздаштык мамилелерди тереңдетүү жана кеңейтүү жөнүндө” келишим жана башка бир катар документтерге кол коюлду.
Башкы прокурор Курманкул Зулушев 17-апрелде парламентте отчет берди. Башкы көзөмөл органдын былтыркы иши жөнүндөгү отчетунун жүрүшүндө депутаттар оппозициялык саясатчылар менен эркин журналисттердин камакта жатышынан тарта коррупционерлер менен күрөшүүгө чейинки бир катар суроолорду беришти.
Президент Садыр Жапаров соңку маегинде буга чейинки карыз өзүн-өзү актабаган долбоорлорго салынып келгенин айтып, айрымдар "карыз көбөйүп кетти деп манипуляция кыла бериши мүмкүн, мындан ары ага көңүл бурбайбыз" деди. Ал мындан ары тышкы карыз боюнча маалымат берилбей турганын белгиледи.
Кыргыз өкмөтү накталай эмес төлөм операциялары боюнча айрым чечимдерине өзгөртүү киргизип, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү соодалоодо банктар аркылуу эсептешүүгө дем берүүнү сунуштады.
Кыргыз өкмөтү Ысык-Көлдүн тескейиндеги Балыкчы - Барскоон жолун курууда көйгөй жаралып, иш создугуп жатканын моюнуна алды. Эксперттер жергиликтүү компаниялардын жол куруудагы тажрыйбасы менен материалдык-техникалык дарамети жетишсиз болуп жатканын айтышууда.
Жогорку Кеңештин бейшемби күнкү жыйынында базардагы кымбатчылык маселеси көтөрүлдү. Депутаттар өкмөттүн иш-аракеттери натыйжасыз болуп, инфляция карапайым калкты каржалтып жатканын айтышты. Министрлер кабинети башталып жаткан реформалык иштер жакшы натыйжа берет деп ишендирүүдө.
Жогорку Кеңеште саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин ишмердигин текшерүү боюнча депутаттык комиссия түзүлдү. Анын алдында депутат Жусупбек Коргонбай уулу министрди "коррупциялык схема түздү" деп айыптап чыккан. Министр айыптоолорду четке кагып, сотко кайрылганын билдирди.
Дагы жүктөңүз