"Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Эркин журналист Канышай Мамыркулова абакта калды. Сот анын тергөө абагындагы мөөнөтүн 4-июнга чейин узартты. Журналист айыптардын баарын четке кагып, мыйзам алдында күнөөсү жок экенин дагы кайталады.
Орусиялык Телеграм каналдар Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда кезекте тургандардын бири тыгылышта тепселип каза тапканын маалымдап, окуянын видеолорун жарыялады. Каза болгон киши Өзбекстандын жараны экени кабарланууда.
Москвадагы “Сахарово” миграциялык борборунда кезекте тургандардын бири тыгылышта тепселип каза тапканы кабарланды. Каза тапкан киши Өзбекстандын жараны экени кабарланууда. ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн жарандары борбордо өзүнчө жол менен кирет, бирок мекеменин ичинде кезек кайрадан биригет.
Бир катар журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр журналист Болот Темировдун жана Kloop басылмасынын үстүнөн сотко арызданды.
Журналисттик иликтөөлөрдө аты аталган кытайлык ишкер Хабибула Абдукадыр эркин журналист Болот Темировду жана Kloop басылмасын сотко берди. Көмүскөдөгү ишкер журналисттик иликтөөдө айтылган маалыматтарды төгүндөөнү талап кылып жатканы маалым болду.
Курулуштагы кырсыктын кескин көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы менен курулуш компанияларынын биринин жетекчиси кармалды.
Курулуштагы кырсыктын кескин көбөйүшүнө байланыштуу Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы менен курулуш компанияларынын биринин жетекчиси кармалды. Бир нече жыл мурда курулушта кулап кеткен он чакты учур, акыркы убакта жылына жүздөн ашуун факты катталууда.
Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Кыргызстандагы элчисин чакырып, Москвада мончодо болгон окуя боюнча нота тапшырды. Орусияда иштеп жүргөн кыргыз жарандарынын аёосуз сабалышын депутаттар да айыптап, “зөөкүрдүк” катары сыпаттап жатышат.
Укук коргоочу Рита Карасартова кайрадан кармалып, 48 саатка камалды. Мунун алдында Карасартова Фейсбуктагы баракчасына соңку күндөрү дайыны чыкпай жатканы айтылган Тилекмат Кудайберген уулуна таандык деген катты жарыялаган эле.
Орусиялык жана азербайжандык ишкер Эмин Агаларов президент Садыр Жапаров менен жолуккан соң Кыргызстанда туристтик комплекс курууну пландап жатканын жарыялады. Ал Азербайжанда Sea Breeze ири эс алуу борборуна ээлик кылат жана анын филиалдарын КМШдагы башка өлкөлөрдө ачууга кызыкдар болуп келет.
Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган Апрель ыңкылабына 15 жыл толду. Элдик толкундоого анын жакындарынын мамлекеттик башкарууга аралашканы себептердин бири болгону айтылып келет. 2010-жылдан соң Беларустан баш калка тапкан мурдагы президенттин кенже уулу Максимдин ролу өзгөчө талкууга түшкөн.
БШК Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовду мандатынан ажыратты. 30дан ашуун өлкө лидерлери Парижде Украинага жаңы жардам көрсөтүүнү убада кылышты. Кыргыз өкмөтү чакан бизнести кайрадан патент системасына кайтарууну караштыра баштады.
Бишкекте негизги аянттарда митинг өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылды. Митингге чыккан Бишкектин тургуну суракка чакырылды. Айрым эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин журналист Канышай Мамыркулованы бошотууга чакырды. Газанын тургундары ХАМАСты согушту токтотууга чакырып, ага каршы акцияга чыгышты.
Судьялар кеңеши Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге, Ош облустук жана Сузак райсотунун жетекчилерине сөгүш берди. АКШ Украина жана Орусия менен Кара деңизде ок атпоону макулдашты. Төкмө акын Асылбек Маратов УКМКдан эскертүү алып чыкканын билдирди. УКМК бул тууралуу комментарий бере элек.
Эркин журналист Канышай Мамыркулова Бишкектеги №21 тергөө абагына 19-майга чейин камалды. Түркияда Стамбулдун мэри Экрем Имамоглу камалгандан кийин башталган нааразылык уланууда. Бишкекте коомдук транспортто бөбөк арабалары үчүн кошумча жол кире киргизилгени коомчулукта кызуу талкуу жаратты.
Эр-Риядда АКШ - Орусия сүйлөшүүсү өтүп жатат. Бишкекте Айтматов проспектисинин боюнда жайгашкан үйлөрдүн жерлерин кескени жатат. Стамбулдун камактагы мэри Имамоглу президенттикке үмүткөр катары көрсөтүлдү.
Дагы жүктөңүз