Лебединовканын төмөн жагында жергиликтүү жашоочулар ылай суудан нан таап жешет десе, кантип эле деп таң калышыңыз толук мүмкүн. Бирок бул сөздүн түз маанисинде эле ушундай. Бишкек жылуулук борборунан, башкача айтканда ТЭЦтен чыккан күйбөй калган көмүр калдыктары темир түтүктөр аркылуу атайын казылган чуңкурга төгүлөт. Мына ушул жерден калдык көмүрлөрдү чогултуп сатып, үй-бүлө баккандар жүздөп саналат, атүгүл ”кара алтындан” түшкөн кирешеге машине сатып алгандар да жок эмес.
Ылай суудан “кара алтынга” тунгандар

1
ГЭС-2, Бакай-Ата сыяктуу конуштун жашоочулары мына ушул калдык көмүрлөрдү сатып үй-бүлө багышат.

2

3
45-50 килограмм келген бир кап көмүр, ачык асман алдындагы “карьерде” 60 сом турат. Шаар ичине киргенде анын баасы 100 сомго чыгат.

4

5

6

7
Бекер көмүргө көз кызарткандар көп болгондуктан түнкү экиден баштап эле чырактардын жардамы менен казуу иштери башталат

8

9

10

11

12
Бир нече гектар жерди ээлеген бул жайга ТЭЦте жакшы күйбөй калган көмүр калдыктары 3 чоң темир түтүк аркылуу суу менен агып келет.

13
Жүздөгөн жергиликтүү жашоочулар агып келген майда көмүр калдыктарын суудан тырмап чогултуп, электен өткөрүп, кесектерин капка салып сатышат.

14
Көмүрдүн майдалыгы эле болбосо таптуу.

15

16
20 градус суукта аялдар да жайында кийилчү суу өтүктөр менен ылай суудан майда көмүрлөрдү чогултуп жүргөнүн көрүүгө болот.

17
Көмүр казгандардын баары эле балдарыма нан таап жатам дегени менен ошол эле учурда алтындан кымбат ден соолугунан ажырап жатканы айдан ачык көрүнүп турат.

18
Биз барганда 30-40 киши чуңкурдагы ылай суудан көмүр сузуп жатышты.

19

20