Сокулуктагы окуя күбөлөрдүн көзү менен
Сокулук районунда 10 жаштагы кызды зордуктоого аракеттенген деп шектелген 33 жаштагы адамдын иши сотко өттү. Чүй облустук милициясы билдиргендей, шектүү быйыл апрелде секелекти коркутуп, зордуктоо аракетин көруп жаткан учурда күбөлөр көрүп калып жаман ою ишке ашпай калган. Эки ай мурун болгон бул окуя жергиликтүү тургундар шектүүнү өздөрү жазалап жаткан видео интернетке 4-июнда тарагандан кийин гана ачыкка чыкты. Шектүүнү жергиликтүү тургундар өзүлөрү кармап, милиция чакырышып, өткөрүп бергени белгилүү болду.
Чыгарылыштар
-
Май 21, 2025
Газа: Ачарчылык - аскердик тактикабы?
-
Май 21, 2025
Орусия 20 миңдей мигрантты кармап, согушка айдады
-
Май 21, 2025
Сот Канышай Мамыркулованы камакта калтырды
-
Май 20, 2025
Жол эрежесин бузгандар кайра сынак тапшырат