Ооган жарандары Бишкекте пикетке чыкты
"Талибан" кыймылынын бозгунда жүргөн негиздөөчүлөрүнүн бири Абдул Гани Барадар Ооганстанга кайтып келди. Ушул тапта талибдердин лидерлери Кандагар шаарында жаңы өкмөттү куроо боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатат. Акыркы 20 жылдан бери Кыргызстанда жашап жаткан ооган жарандары Бишкекте Бириккен Улуттар Уюмунун имаратынын жана АКШнын элчилигинин алдында пикетке чыгышты. Айбек Жунушалиев Бишкек шаарынын, Алмаз Мамбетов Ош шаарынын, Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаев Токмок шаарынын мэрлигине сунушталып жатат. Үч шаардын мэрлери 26-августта шайланат.
Чыгарылыштар
-
Май 23, 2025
Оштун казысы эмне үчүн кармалды?
-
Май 21, 2025
Орусия 20 миңдей мигрантты кармап, согушка айдады
-
Май 20, 2025
Жол эрежесин бузгандар кайра сынак тапшырат
-
Май 19, 2025
Газа: Израил жердеги ири операциясын баштады