Жекшембиде Орусиянын ар кайсы шаарларында түрмөдөгү оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акцияларда кеминде 100 киши кармалганын "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору кабарлады. Кармалгандарды көбү Москвадан жана Петербургдан экени маалым болду. 4-июнда түрмөдө 47 жашка чыккан Навальныйга колдоо иретинде дүйнөнүн ондогон шаарында акциялар өттү. Навальный учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө тогуз жылдык жазасын өтөп отурат. Туулган күнүн оппозиционер түрмөнүн айып изоляторунда (ШИЗО) тосту.
Орусияда Навальныйдын ондогон тарапташы кармалды
Жекшембиде Орусиянын ар кайсы шаарларында түрмөдөгү оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдогон акцияларда кеминде 100 киши кармалганын "ОВД-Инфо" укук коргоо долбоору кабарлады. 4-июнда түрмөдө 47 жашка чыккан Навальныйга колдоо иретинде дүйнөнүн ондогон шаарында акциялар өттү. Навальный учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө тогуз жылдык жазасын өтөп отурат.
Чыгарылыштар
-
Май 21, 2025
Газа: Ачарчылык - аскердик тактикабы?
-
Май 21, 2025
Орусия 20 миңдей мигрантты кармап, согушка айдады
-
Май 21, 2025
Сот Канышай Мамыркулованы камакта калтырды
-
Май 20, 2025
Жол эрежесин бузгандар кайра сынак тапшырат