Чоң-Каракол: Талкаланган мөңгү, мыйзамсыз жол, көмүр кени
Ош облусунун Алай районунун Чоң-Каракол айылындагы тургундар көмүр казуу үчүн келген компаниянын техникасын чыгарып кетүүнү талап кылууда. Буга чейин Башкы прокуратура көмүр кенине баруу үчүн мыйзамсыз жол салынганын, натыйжада 9 миң метр кубдан көп мөңгү талкаланганын билдирип, кылмыш ишин козгогон. Өткөн аптада “Кыргызкөмүр" ишканасынын эки жетекчиси кызматтан алынды. Чоң-Каракол айлына барып келген кабарчыбыз Даткабек Шабданбек уулу соңку жагдай тууралуу айтып берет.
Чыгарылыштар
-
Май 23, 2025
Оштун казысы эмне үчүн кармалды?
-
Май 21, 2025
Газа: Ачарчылык - аскердик тактикабы?
-
Май 21, 2025
Орусия 20 миңдей мигрантты кармап, согушка айдады