Мектеп 12 жылдык окууга даяр, мугалим 24 миң сом айлык алат
Украина-Орусия тынчтык сүйлөшүүсүнө Путин барган жок. Ал Стамбулга төмөнкү деңгээлдеги технократтардан куралган делегацияны жөнөттү. Жарандык активист Тилекмат Куреновдун сотко аксап, таяк таянып келгенин Атайын кызмат анын өнөкөт омуртка оорусуна байланыштырды. Аны "тергөө абагында уруп-согушкан" деген сөздөрдү четке какты. Курулушта кырсык кескин көбөйгөндүктөн Бишкек шаардык архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгынын башчысы менен курулуш компанияларынын биринин жетекчиси кармалды. Акыркы убактарда жылына жүздөн ашык кырсык катталууда. Жогорку Кеңеш Догдургүл Кендирбаеваны агартуу, ал эми Бактияр Орозовду илим, жогорку билим берүү министри кызматына дайындоого макулдук берди. Жаңы структуралык түзүм тармакта кандай олуттуу өзгөрүүлөргө алып келет?
Чыгарылыштар
-
Май 21, 2025
Орусия 20 миңдей мигрантты кармап, согушка айдады
-
Май 20, 2025
Жол эрежесин бузгандар кайра сынак тапшырат
-
Май 19, 2025
Газа: Израил жердеги ири операциясын баштады
-
Май 15, 2025
Зеленский Анкарада жүрөт, Путин Стамбулга барган жок
Шерине