Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Пакистан: "Талибандан" качкан ооган аял спортчулар азаптан арыла элек


Ооганстандын кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча курамасы. Кабул, 22-сентябрь 2022-жыл
Ооганстандын кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча курамасы. Кабул, 22-сентябрь 2022-жыл

“Талибандын” катаал бийлигинен качкан оогандык спортчу кыз-келиндер Пакистанда жакырчылык, машыккан жайлардын тартыштыгы, иммиграциялык макамы өңдүү чоң көйгөйлөргө туш болууда. Улуттар Уюму талибдердин кыз-келиндерге кылган мамилесин “гендердик апартеид” деп сыпаттайт.

Талибдер 2021-жылдын августунда Кабулдагы бийликти кайрадан басып алгандан кийин Ооганстанда аялдарга спорт менен машыгууга, мелдештерге катышууга тыюу салынган. Адискөй атлеттер ошондо кошуна Пакистанга баш калка издеп кеткенде жакшырак шарттарга, мүмкүнчүлүктөргө, сүйгөн спорту менен машыгууга үмүттөнгөн. Бирок ал жакта да көптөгөн маселелерге кабылды.

Жиу-Житсу (япондордун күрөш өнөрү) менен машыккан Ройя Абасси мындан үч жыл мурун үй-бүлөсү менен Пакистанга көчүп кеткен. Экономикалык каатчылык жана машыгуу залдарынын тартыштыгы анын жашоосун кыйла татаалдаштырды.

Чет өлкөдөгү иммиграциялык макамы да өзүнчө бир баш ооруга айланды.

“Үч жыл мурун Пакистанда миграция кызматында арызымды катташкан, эмдигиче эч кандай кабар ала элекмин”, - деп айтып берди Ройя “Азаттыктын” ооган кызматынын кабарчысына.

Анын айтымында, Батыш өлкөлөрүнө чыгуу үчүн БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссариатына да арыз тапшырган.

Ооганстандын баскетбол боюнча паралимпиадачылар арасындагы улуттук командасынын мурдагы мүчөсү Шакила Музафари үч жылдан бери Исламабадда жалгыз, жакындарынан алыс жашап жүрөт. Ал качкын жана майыптыгы бар спортчу катары Пакистанда тушуккан оор шарттарды сүрөттөп берди.

“Кирешеси, колдоосу жок адам 20-25 миң рупийге (75$-94$) визасын ай сайын кантип жаңырта алат?” – деп кейиди Шакила.

Спортчу визадан башка батирдин ижарасы сыяктуу толгон токой чыгымдарга учураганын кошумчалайт.

"Пакистандагы ооган качкындарынын, өзгөчө майыптыгы бар спортчулардын турмушу абдан оор. Иш табыш үчүн чөнтөгүбүз жука”, - деп сөз улантат Шакила Музафари.

Ооганстандын Паралимпиада комитетинин мурдагы жетекчиси Абдул Хуссаин Хесари майыптыгы бар спортчулар чынында эле олуттуу көйгөлөргө туш болгонун айтып, БУУнун Качкындар агенттиги аларга жакшылап көңүл бурбайт, майыптыгы эске алынбайт, документтери чала бүткөрүлөт деп сындады.

Агенттиктин Пакистандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Кайсер Африди “Азаттыктын” комментарий сурган өтүнүчүнө жооп берген жок.

Спорт менен машыгууга салынган тыюу - “Талибан” кыймылынын кыз-келиндерге тиешелүү чектөөлөрдүн бири гана. Ашынган исламчылар аялзат өкүлдөрүн билим алуу, иштөө, өкмөттө, бир катар башка жерлерде эмгектенүү, коомдук жайлара эркектин коштоосуз жүрүү укугунан ажыраткан.

Аларга спорттук жарыштарга катышууга же коомдук спорттук залдарда машыгууга болбойт.

БУУ талибдердин кыз-келиндерге кылган мамилесин “гендердик апартеид” деп сыпаттайт жана аялдар коомдук жашоодон жок болуп баратканын, чектөөлөргө баш ийбегендер катуу жазаланарын белгилейт.

Улуттар Уюму жана укук коргоочу топтор Исламабадды да оогандык качкындарды белгисиздик, жакырчылык өкүм сүргөн мекенине кетирип жатканы үчүн сындады. Көбү Пакистанда ондогон жылдан бери жашап келаткан.

Amnesty International жана башка укук коргоочулар репатриация планы ачык-айкын эмес, ырайымсыз жүргүзүлгөнүн белгилешет. Бозгундарды мажбурлап депортациялоо эл аралык мыйзамдарды көз жаздымда калтыруу жана күчүн куугунтуктан качкандардан чыгаруу болуп эсептелерин айтышат.

Басмырланган ооган аялдары унутулбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG