21-майдын кечинде Вашингтондогу Жөөт музейинин жанында Израилдин элчилигинин эки кызматкерин атып кетишти. Орусиянын чабуулунан Херсондо бир киши набыт болуп, 10дон ашык адам жаракат алды. Мамдума мигранттардын геолокациясы тууралуу полицияга такай маалымат берүүгө милдеттендирген мыйзамды жактырды.
21-майдын кечинде Вашингтондогу Жөөт музейинин жанында Израилдин элчилигинин эки кызматкерин атып өлтүрүлдү. Ал арада Палестин автономиясынын бийлиги чет өлкөлүк дипломаттар Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Женин шаарында израилдик аскерлердин аткылоосуна туш болгонун билдирди.
“Талибандын” катаал бийлигинен качкан оогандык спортчу кыз-келиндер Пакистанда жакырчылык, машыккан жайлардын тартыштыгы, иммиграциялык макамы өңдүү чоң көйгөйлөргө туш болууда. Улуттар Уюму талибдердин кыз-келиндерге кылган мамилесин “гендердик апартеид” деп сыпаттайт.
БУУ Газадагы гуманитардык абалга тынчсыздануусун билдирип, азык-түлүк, дары-дармек тез арада жеткирилбесе арты апаатка айланарын эскертүүдө. Израил гумжардам ташыган машинелерди өткөргөнү менен бул жараян жай жүрүп жатканы кабарланууда.
АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путинге телефон чалгандан кийин Москва жана Киев ок атууну токтотууну "тез арада" сүйлөшөрүн билдирди. Ошол эле маалда лидерлердин баарлашуусу тынчтыкка жетүү үчүн илгерилөөгө өбөлгө болобу деген суроо ачык калууда.
2025-жылдын 20-аптасы. "Азаттык" эң кызыктуу ирмемдердин айрымдарын топтоду.
АКШ президенти Дональд Трамп 19-майда Орусиянын лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөндөн кийин Москва жана Киев ок атууну токтотуу тууралуу "тез арада" сүйлөшүү баштай турганын билдирди.
Израил Газада жердеги толук масштабдуу операция баштаганын жекшембиде билдирди. ХАМАС көзөмөлдөгөн тилкенин саламаттыкты сактоо мекемеси 18-майга караган түнү жана жекшембиде 100дөн ашуун палестиналыктын өмүрү кыйылганын маалымдады. Тараптардын Катардагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыга элек.
Иран өкмөтү өзүнүн өзөктүк программасына байланыштуу айтылып келаткан тынчсызданууну азайтуу жана бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү аракетин көрүүдө. Бул максатта ал жакында эле Кошмо Штаттарга жана Перс булуңундагы коңшуларына өз сунуштарын айтты.
Орусия менен Украинанын өкүлдөрү үч жыл мурун үзгүлтүккө учураган сүйлөшүүнү кайра баштады. Стамбулда Киевдин жана Москванын делегациялары бетме-бет отуруп сүйлөштү. Көмүскө ишкер Хабибула Абдукадыр журналист Болот Темировдун жана Kloop басылмасынын үстүнөн сотко арызданды.
Стамбулда Орусия менен Украинанын үч жыл мурун үзгүлтүккө учураган тынчтык сүйлөшүүлөрү жанданды. Киевдин делегациясын коргоо министри Рустем Умеров, Москванын делегациясын президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектеп жатат.
Стамбулда Орусия менен Украинанын 2022-жылдан берки алгачкы тынчтык сүйлөшүүсүнүн биринчи раунду өттү. Кабар агенттиктери украиналык жана түркиялык дипломатиялык булактарга шилтеме жасап, сүйлөшүү эки саатка жетпей аяктаганын жазышты.
Дагы жүктөңүз