Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:43

Акыйкатчы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келиндин ишин көзөмөлүнө алганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган, денесинен жараат алган келиндин ишинин иликтенишин өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Омбудсмен институтунан кабарлашты.

Ага ылайык, окуя март айында болгон. 38 жаштагы келин үч жыл чогуу жашаган адамдын ур-токмогунун айынан ооруканага түшкөн. Дарыгерлер анын мээси чайкалып, тиши менен сол жаагы үч жеринен сынганын аныкташкан.

Зомбулуктан жабыркаган келин аны сабаган адамдын туугандарынын кысымынын негизинде милицияга жазган арызын алып койгон.

"Бирок К.У аттуу келин акыркы 2,5 айдан бери иштей албай дарыланып жүрөт жана тогуз, жети жаштагы эки баласын жалгыз багып келет. Келин милицияга кайра арыз жазып, бул жолу укугун коргоого даяр экенин билдирди. Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага кат жөнөтүп, иштин объективдүү иликтенишин көзөмөлгө алууну өтүндү. Акыйкатчы институту бул келинге зарыл болгон юридикалык жана психологиялык жардамдарды көрсөтөт",-деп жазылган маалыматта.

Соңку жылдары Кыргызстанда аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда былтыр 17 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2023-жылга салыштырганда 32,1% көп.

Башкы прокуратура Кыргызстанда 2,5 жылда 34 аял үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепетинен мерт болгонун кабарлаган. Маалыматка караганда, тогуз окуя 2024-жылдын алты айында катталса, 2023-жылы 18, 2022-жылы жети аял зомбулуктун курмандыгы болгон.


Шерине

XS
SM
MD
LG