Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Вашингтондо израилдик эки дипломат өлтүрүлдү, шектүү кармалды


Кол салуу болгон жер. Вашингтон шаары, 21-май 2025-жыл
Кол салуу болгон жер. Вашингтон шаары, 21-май 2025-жыл

21-майдын кечинде Вашингтондогу Жөөт музейинин жанында Израилдин элчилигинин эки кызматкерин атып өлтүрүлдү. Ал арада Палестин автономиясынын бийлиги чет өлкөлүк дипломаттар Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Женин шаарында израилдик аскерлердин аткылоосуна туш болгонун билдирди.

Израилдин премьери Нетаньяху барымтадагыларды бошотуу үчүн убактылуу жарашууга даярдыгын айтып, андай болбосо Газаны толук көзөмөлгө алмайынча согушту улантарын кошумчалады.

Израилдин АКШдагы элчилиги киши колдуу болгон түгөйдүн аты-жөнүн атап, сүрөттөрүн чыгарды. Маалыматка караганда, аларды Вашингтондун борборунда жайгашкан Жөөт музейинин жанында жакын жерден атышкан.

Израилдин АКШдагы элчиси Йехиэл Лейтердин айтымында, дипломатиялык өкүлчүлүктүн набыт болгон кызматкерлери Ярон Лишчински менен Сара Милграм баш кошкону жаткан.

Би-би-си алар Газанын тургундарына жардам берүүгө арналган иш-чарадан кетип баратканда ок жеп каза тапканын жолугушуунун уюштуруучуларына шилтеме кылып жазды.

Полиция кылмышка шек саналып Чикаго шаарынын тургуну, 30 жаштагы Элиас Родригес кармалганын жарыялады. Ал абакта да "Палестинага боштондук" деп кыйкырганын жазышты.

Күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү кылмышка шектүүнүн "террорчулук менен байланышы" текшерилерин айтышты.

"Кылмышты каттоо боюнча улуттук борбордогу маалыматтар анын буга чейин укук коргоо органдарынын көзүнө илинбегенин көрсөттү. Буга чейинки жашоосунда биздин көңүлүбүздү бурчу эч нерсе тапкан жокпуз", - деп билдирди Колумбия округунун полиция башчысы Памела Смит.

Израилдин президенти Ицхак Герцог эки адамдын өмүрүн алган окуянын антисемизмдин жана жек көрүүнү карасанатай актысы катары баалады.

АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамп кол салууну айыптады. “Вашингтондогу үрөй учурган адам өлтүрүүлөр АЗЫР токтошу керек. Алар антисемитизмден келип чыкканы калетсиз”, - деп жазды америкалык лидер Truth Social социалдык тармагындагы постунда.


Женин: Дипломаттар аткылоого кабылды


Ал ортодо Палестин автономиясынын жетекчилиги Иордан дарыясынын батыш жээгинде чет өлкөлүк дипломаттардын тобу израилдик аскерлердин аткылоосуна туш болгонун билдирди.

Алар Израил оккупациялаган аймактагы Женин шаарындагы гуманитардык абал менен таанышып жүргөн.

Атын атабаган гуманитардык кызматкер АР агенттигине айтып бергендей, 20га жакын дипломаттан турган делегация качкындар лагеринин кире беришинде турганда ок жаңырган. Бирок ок кайсы жерден атылганын аныктоо мүмкүн болгон эмес. Гуманитардык кызматкер эч ким жабыркабаганын кошумчалады.

Израил аскерлери дипломаттардын сапары алдын ала макулдашылганын, бирок топ “бекитилген маршруттан чыгып кеткенин”, ал жерден оолак болууну эскертүү иретинде ок атышканын билдиришти. Армия өкүлдөрү окуя үчүн кечирим сурашты.

Жыл башынан бери Израил Жениндеги согушкерлерге каршы ири өнөктүк жүргүзүп келатат.

Израил эл аралык коомчулуктун сынына карабай, палестин аймактарында, анын ичинде Газа анклавында катаал саясатын улантууда.

Газа: Нетаньяхунун билдирүүсү, анклавдагы гуманитардык абал

Шаршембиде премьер-министр Биньямин Нетаньяху ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп саналган) радикал тобу куралын таштамайынча жана Газа Израилдин көзөмөлүнө өтмөйүнчө согуш уланарын эскертти:

"Согушту Израилдин коопсуздугун камсыздаган так шарттардын негизинде токтотууга даярмын: барымтадагы бардык кишилер үйлөрүнө кайтарылат, ХАМАС куралсызданат, бийликтен кетет, жетекчилиги Газадан сүрүлүп чыгат. Башкача айтканда, Газада калгандардын бардыгы куралдан баш тартат. Ошентип Трамптын эң туура планын ишке ашырабыз".

Нетаньяху барымтадагыларды бошотуу үчүн убактылуу элдешүүгө даярдыгын кошумчалады.

ХАМАС Израилден палестин туткундарын бошотууну, ок атышууну биротоло токтотуп, аскерлерин Газадан толук чыгарып кетүүсүн талап кылып келет.

Израилдин бийлиги анклавдагы гуманитардык абалга байланыштуу да сынга кабылып келатат.

11 жумага созулган блокададан кийин тилкеге дүйшөмбү-шейшемби күндөрү 98 машина жүк ташылганын израилдик аскерлер билдирди. Бирок БУУнун кызматкерлери коопсуздук маселелеринен улам жардамды элге жеткирүү кыйын болуп жатканын айтышууда.

Ачарчылык коркунучуна кептелген газалыктар күн сайын Израил армиясынын соккуларына туш болуп келатат.

Шаршембиде Жабалия шаарында ракета соккусунан бир нече киши каза болду. Бардыгы болуп ал күнү, Газанын саламаттыкты сактоо мекемеси маалымдагандай, тилкеда кеминде 34 киши мерт кетти.

"Үйлөрүбүздө уктап жатканда коркобуз. Баарыбызды террорчу деп санашат. Баарыбызды аткылашат. Газада жапа чекпеген үйдү көрсөткүлөчү. Ымыркайлардан баштап кары-картаңдар, аялдар жарадар болду. Ачкадан баса албай калдык", - деп айтты Газанын тургуну Махмуд Манун.

Израилдин армиясы жоочулар калк жашаган аймактарда иш алып барганын айтууда.

Нетаньяху бийлигинин аракеттери Израилдин ичинде да сынга кабылды. Үстүбүздөгү аптада оппозициядагы демократиялык партиянын төрагасы Яир Голан өкмөт балдарды өлтүрүүнү “хоббиге” айландырып алган, “тынч элге каршы күрөшүп жатат", "бүтүндөй калкты депортациялоону" көздөйт, минтип отурса, өлкө жаманатты болуп, обочодо калат" деп билдирди. Өз дарегине айтылган сындан кийин саясатчы аскерлерди эмес, Израилдин ашынган оңчулдар өкмөтүн айтып жатканын белгиледи.

Шерине

XS
SM
MD
LG