Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

АКШ - Иран: Римде өзөктүк программа боюнча сүйлөшүүлөр башталды


Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф .
Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жана АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткофф .

23-майда Римде АКШ менен Ирандын өкүлдөрү Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасына чогулду.

Римдеги Оман элчилигинин резиденциясында өтүп жаткан сүйлөшүүлөрдө АКШын делегациясын Ак үйдүн атайын өкүлү Стив Уиткофф, Ирандыкын тышкы иштер министри Аббас Аракчи жетектеди.

Ирандын тышкы иштер министри жолугушуунун алдында Х социалдык тармактагы баракчасына АКШ өз позициясын жумшарта турган болсо бул сүйлөшүүлөрдөн майнап чыгарын жазды.

"Келишим түзүүнү түшүнүү үчүн көп күч-аракет талап кылынбайт, чечим кабыл алуу үчүн убакыт керек," - деп жазган Аракчи.

11-майда Оманда АКШ менен Ирандын ортосунда сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы өткөн. Ирандын уран байытуу маселеси дагы деле тараптардын мунаса табуу жолундагы негизги тоскоолдук бойдон калууда.

Буга чейин министр Аракчи Ислам жумурияты уранды байытуудан толугу менен баш тартпай турганын, бирок анын деңгээлин төмөндөтүшү мүмкүн экендигин айткан.

АКШнын атайын чабарманы Уиткофф буга чейин Вашингтон Тегеран уран байытууну токтотууга тийиш деген принципиалдуу позицияда экенин билдирген.

Тараптардын жолугушуулары апрелден бери жүрүп келет. Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелери жок болгондуктан, тараптар арачылар аркылуу сүйлөшүүдө.

АКШ Иранды атомдук куралга ээ болтурбоо зарылдыгын, анын алдын алууну айтса, Тегеран бул жааттагы программасы тынчтык максаттарын көздөрүн кайталап келет. (AiA)


Шерине

XS
SM
MD
LG