Иран уран байытуу принцибин дагы эле “кызыл сызык” катары карманарын өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү билдирди. Өткөн жумада Тегеран менен Вашингтон Римде сүйлөшүүлөрдүн бешинчи айлампасын аяктады.
“Биз позициябызды жумшартпашыбыз керек” – деп айтты дүйшөмбүдө Эсмаил Багаи.
Ал ошоной эле Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттикти Иран менен маселелерди чечкенде “саясий кысым” жасабоого чакырды.
Ортомчулар аркылуу жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр Тегерандын ядролук программасына байланышкан маселелерди жөнгө салууну көздөйт. АКШнын президенти Дональд Трамп жаңы келишимге жетишилбесе, Иранга мындан да катаал экономикалык санкциялар салынарын эскертти.
Жекшембиде америкалык лидер Тегеран менен сүйлөшүүлөрдү “абдан жакшы” деп сыпаттаган.
Эртеси Ислам жумуриятынын президенти Масуд Пезешкиан жолугушуулар макулдашууга алып келбесе да, Иран жашап кетерин айтты.
Бул ирет Омандын ортомчулугу менен өткөн Римдеги сүйлөшүүлөр чектелген алга жылуу менен аяктады. Бул процесс өзөктүк курал чыгарууда колдонулушу мүмкүн.
Тегеран атомдук программасы тынчтык максатын гана көздөрүн айтып келатканы менен былтыр өкмөттөгү расмий адамдар Израил тараптан чабуулга кабылып же коркунуч жаралса, өлкө “ядролук доктринасын өзгөртүшү ыктымал” деп билдирген.
АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф буга чейин Вашингтон Тегеран уран байытууну токтотууга тийиш деген принципиалдуу позицияда экенин билдирген.
Шерине