"Мына, паспорттун мукабасынын биринчи бети, шек санай турган эч нерсе жок. Эми артын карап көрөлү. Зымдарды көрүп жатасыңар да", - дейт Шарифа Мадрахимова социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган видеодо.
Ал "Азаттык Азияга" курган маегинде Өзбекстанда Ирландиянын элчилиги жоктугуна байланыштуу виза бастыруу үчүн документин иш-чаранын уюштуруучуларынын сунушу менен ошол өлкөгө жиберүүгө макул болгонун айтып берди.
"Өзбекстанда Ирландиянын элчилиги жок болгондуктан виза алуу үчүн Индияга же Москвага учушум керек болчу. Ошол күндөрү Москва дрон чабуулдарына туш болуп жатат деген маалыматтар болду. Иш-чаранын уюштуруучулары менин коопсуздугумдан коркуп, DHL аркылуу менин паспортумду Ирландияга жөнөтүүнү сунушташты. 17-апрелде Алматыдан Ташкентке учуп келип, ал жакта бир күн болдум. Эртеси эртең менен Ташкенттеги Айбек метросундагы DHL кеңсесине барып, 1 миллион 885 миң сум [145 доллар] төлөп, паспортумду почта аркылуу Ирландияга жөнөттүм", — деди ал.
Анын айтымында, 6-май күнү виза басылган паспорт Өзбекстанга жеткирилген. Документти укук коргоочу кайрылган DHL компаниясы жабык конвертке салып, алып келген.
"7-майда паспортум почта аркылуу Ферганадан Кокон шаарына жеткирилген. Колума эч кандай изи жок ак конверт карматышты. Анын ичинде дагы бир конверт бар экен. Аны ачканда мурдума бир башкача жыт келди. Көрсө паспортумдун арты күйгөн экен. Кимдир бирөө менин Өзбекстандан чыгышымды каалабай, ушул кадамга барды деп эсептейм. Бул да кайсы бир деңгээлде менин ишмердүүлүгүмө байланыштуу болушу мүмкүн".
Мадрахимова дароо Front Line Defenders иш-чарасынын уюштуруучулары, Ташкенттеги DHL компаниясынын өкүлдөрү менен байланышкан.
"Мен дароо паспортумду видеого тартып, аларга жибердим. Уюштуруучулар Өзбекстанга паспортту бүтүн жибергенин айтып, абдан таң калышты. DHL компаниясы мага төмөндөгүдөй жооп берди: "Биз ушунча жылдан бери элчиликтерге, дипломаттарга, жөнөкөй жарандарга маанилүү документтерди жеткирип келебиз. Дүйнөнүн булуң-бурчунан документтерди коопсуз жеткиребиз. Биздин көп жылдык тажрыйбада мындай окуя биринчи жолу болуп жатат". Бийликтегилердин буйругу менен белгисиз адамдар паспортумду күйгүзүп салган деген божомолум бар. Андан башка деле нерсе болушу мүмкүн эмес",- деди Шарифа Мадрахимова.
Укук коргоочу социалдык тармактагы баракчасына койгон постуна коңшу өлкөнүн Чек ара комитетинин басма сөз катчысы Хусан Тангриев жооп берди:
"Бул жагдайга байланыштуу чек ара кызматкерлерине болгон кандайдыр бир күмөн саноодон карманууга чакырам. Себеби эл аралык ташып-жеткирүүлөр көзөмөлдөн өткөрүлбөйт".
Шарифа Мадрахимова кыска мөөнөттө жаңы паспорт алуу аракетинен да майнап чыкпаганын билдирди:
"Азыркы жагдайда дагы бир паспорт алып, аэропортто эски паспортумду да көргөзүп, чет жакка учуп кетүүгө мүмкүн экендигин билдим. 8-майда жаңы паспорт алууга арыз жазып, 371 миң сум [28 доллар], эски паспортума байланыштуу дагы 371 миң сум айып төлөдүм. Алар он күндө жаңы паспорт беребиз дешкен. Андан бери он күндөн ашык убакыт өттү, бирок дагы деле жаңы паспорт ала элекмин".
Front Line Defenders сыйлыгын тапшыруу аземи Дублинде 22-майда өттү. Мадрахимова ага катыша албаса да кайрылуусун укук коргоочу Умида Ниязова жеткирди:
"Бийликке чындыкты айтуудан корккон, репрессиялык өлкөлөрдө элдин үнүн укук коргоочулар жеткирет. Менин өлкөмдө көпчүлүк адамдар үн катпай коюуну артык көрөт, анткени алар үчүн ооз ачкан кооптуу. Кимге жардам берсем, кимдин жашоосун жеңилдетсем, башкаларга жакшылык кылып жатам деген ишеним менен жасадым. "Сыйлык үчүн, ишенимиңиз жана ушундай эбегейсиз колдоо көрсөткөнүңүз үчүн рахмат", - деди Умида Ниязова окуган текстте Шарифа Мадрахимова.
Мадрахимова буга чейин да бир нече ирет басымга кабылган. Соңку жылдары ал пахта талааларында мажбурлап ишке айдалган балдардын эмгегине мониторинг жүргүзүп келген.
Front Line Defenders Шарифа Мадрахимова жана Умида Ниязова былтыр апрель айында өзбекстандык бийликчил блогердин кысымына кабылганын белгилеп өттү.
2024-жылдын апрель айында Берлинде жайгашкан "Адам укуктары боюнча өзбек форумунун" директору Умида Ниязова эки киши Мадрахимованын Ферганадагы үйүнүн жанында аларды коркутууга аракет кылгандан кийин Өзбекстанга мурункудай көп каттабай калган.
Өкмөтчүл блогер Ниязованы "Өзбекстанга каршы маалыматтык чабуулдарды уюштурган" деп айыптаган.
Умида Ниязова жетектеген уюм Өзбекстанда пахта тармагында иштегендердин укуктарынын сакталышын көзөмөлдөйт. Ниязова ал жетектеген уюмдун Ташкенттеги өкүлдөрүн милиция чакырып, суракка алганын айткан.
"Шарифа бул сыйлыкка татыктуу деп ойлойм. Өз оюн айтканы үчүн түрмөгө отургузулган өлкөдө ага окшогондордун эрдиги мактоого татыктуу. Тилекке каршы, Шарифа Ирландияга барып, абройлуу иш-чарага катышып, сыйлыкты ала алган жок. Шарифанын Ирландияга баруусуна жол бербөө үчүн паспортун жарактан чыгаруу менен өзбек бийлиги оозеки түрдө четке каккан чындыкты иш жүзүндө тастыктады. Башкача айтканда, Өзбекстанда сөз эркиндигинин абалы күндөн күнгө оорлоп баратат, өлкө абсолюттук автократияга кирип, сындагандардын үнүн биротоло басууга аракет кылууда".
Өзбек бийлиги буга чейин да саясий көз карашы жана бийликти сындаганы үчүн айрым жарандарды эркин жүрүү укугунан ажыраткан.
2014-жылы белгилүү өзбек сүрөтчүсү Вячеслав Ахуновго Нью-Йорктогу жыл сайын өтүүчү көргөзмөсүнө катышуу үчүн өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынган.
Шерине