Латвия Еврошаркеттин өлкөлөрүн коопсуздуктан улам орус жарандарына виза бербөөгө үндөдү. Бул тууралуу Х социалдык тармагына өлкөнүн тышкы иштер министри Байба Браже жазды.
Анын айтымында, өткөн жылы орус жарандарына берилген Шенген визалары ага чейинки жылга караганда 25% өстү.
Латвиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 2024-жылы Орусиянын жарандарына 565 миң Шенген визасы берилген болсо, алардын 90% туризм максатында болчу. 2023-жылы орусиялыктар 520 миң виза алышкан.
SchengenVisaInfo-догу маалыматты карасак, былтыр Орусиянын жарандары эң көп визаны Италиядан сураган.
Латвиянын тышкы иштер министри Рихардс Козловскис Евробиримдиктин мүчөлөрү гибриддик согуштун абалында экенин моюнга алууга тийиш деп айтты. “Латвияда мындай шарт коопсуздук органдарынын чек арадагы жана өлкө ичиндеги күнүмдүк ишине таасир этүүдө. Андыктан бардык мүчө-мамлекеттерди бул коркунучка олуттуу мамиле кылууга чакырабыз”, - деп билдирди министр.
Орусия Украинага басып киргенден бери Латвия Шенген визасын алган орус жарандарына өлкөгө кирүүгө тыюу салган. Бийлик Еврошаркетке саякаттоо “адам укуктарына кирбеген артыкчылык” болуп эсептелерин билдирген.
Бул эреже оор машиналардын айдоочуларына, дипломаттар менен гуманитардык негизде баргандарга жайылбайт.
Шерине